super.kg logo
  Саясат  

26 жаштагы Юлия Калиниченко премьер-министрдин кеӊешчиси болуп дайындалды

 

Юлия Калиниченко менен Бермет Турсункулова Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеӊешчилери болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка 7-сентябрда өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүк аппараттан билдиришти.

Юлия Калиниченко 1991-жылы туулган. Борбордук Азиядагы Америка Университетинин бүтүрүүчүсү.

Буга чейин Кыргыз президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында бөлүм башчы, стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун координатору болуп иштеген. Орус, англис, француз тилдеринде сүйлөй алат. Ошондой эле Борбордук Азиядагы Америка Университетинин Тянь-Шань аналитикалык борборунун координатору болуп да эмгектенген.

Бермет Турсункулова 1976-жылы туулган. Кыргызстан эл аралык университетин бүтүргөн. Мурда Борбордук Азиядагы Америка Университетинин вице-президенти, билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген. Кыргыз, англис, француз, түрк тилдерин билет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: