super.kg logo
  Спорт  

Шевченко vs Нуньес: Дүйнө күткөн беттеште ким жеңет?

 

Канаданын Эдмонтон шаарында Бишкек убактысы боюнча 10-сентябрда UFC-215 мелдешинин алкагында Кыргыз өлкөсүнөн чыккан спортчу Валентина Шевченко эрежесиз уруштун эң беделдүү мелдеши - UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн Аманда Нуньес менен реванштык беттешке чыгат. SUPER.KG порталы мекендешибиз Валентина Шевченконун ийгиликке жетишүү үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экенине саресеп салып сиздердин назарыңыздарга тартуулайт.

Аманда Лоренсо Нуньес
Жашы – 29
Туулган жери – Сальвадор шаары, Бразилия.
Бою – 173 сантиметр
Каймана аты - The Lioness (арстан)
Учурда UFC'деги 62 килограммга чейинки салмактагы чемпион
Эрежесиз урушта 14 жеңиш, 4 жеңилүү.








Валентина Шевченко

Жашы – 29

Туулган жери – Бишкек шаары, Кыргыз өлкөсү.

Бою – 165 сантиметр

Каймана аты - The Bullet (ок)

Учурда UFC'деги 62 килограммга чейинки салмакта 1-орунда турат

Эрежесиз урушта 13 жеңиш, 2 жеңилүү.



Аталган эки мушкер 2016-жылы UFC-196 мелдештин алкагында алгачкы жолу кез келген. Анда беттеш 62 килограмм салмак ченинде өтүп, 3 раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен Нуньес жеңип алган.

Ал убакыттан бери Валентина Шевченко 2 жолу октагонго чыгып атаандаштарын жеңген. Биринчисинде Холли Холмду 5 раунддук беттеште калыстардын чечими менен жеңсе, экинчи беттешинде Жулианна Пенья менен туш келип 2-раундда колун кайрып жеңип алган.

Ал эми Аманда Нуньес дагы 2 беттеш өткөрүп чемпиондук курун коргогон. UFC-200 мелдешинин алкагында Миша Тейтти артынан муунтуп жеңип алса, UFC-207нин алкагында Ронда Роузини техникалык нокаут менен жеңип алган.


9-июлда АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC-213түн алкагында боло турган Валентина Шевченко менен Аманда Нуньестин беттеши үзгүлтүккө учураган. Чемпиондук кур үчүн боло турган беттеш Нуньестин ден соолугуна байланыштуу болбой калган.

ЭКИ МУШКЕРДИН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

Аманда Нуньес

1. Күч жана тыш өлчөм

Аманда өзүнүн салмагына салыштырмалуу бир топ чоң. Нуньес кыз киши болгонуна карабай абдан чоң күчкө ээ. Бул факт эки спортчунун ортосундагы 2016-жылы өткөн беттеште башкы ролду ойногон.

2. Агрессивдүү стиль

Нуньес октагондо мыкты колдонгон агрессивдүү стилине ээ. Агрессия менен басымдуу чабуулдарды жасап бир топ атаандаштарынын үстүнөн жеңишке жеткен.

3 Грепплинг (муунтуу жана оорутуу ыкмаларын колдонгон уруштун түрү).

Шевченкого караганда Нуньестин күрөшү жана партердеги көзөмөлү жакшыраак өнүккөн.

Валентина Шевченко

1. Сокку уруу техникасы.

Валентинанын Муай Тай жана кикбокс боюнча машыгуулары бекер өткөн эмес. Ошондон улам Шевченко туруп беттешүүдө айкын артыкчылыкка ээ.

2. Сабмишн (тумчуктуруудан же болбосо оорутуу ыкмаларын колдонуу).

Валентина Шевченко 13 беттеште 6 жолу сабмишн менен жеңишке жеткен. Ошондуктан сабимшн Шевченконун начар жагы деп айтса болбойт.

3. Чыдамкайлык.

Холли Холм менен өткөргөн беттеште Шевченко 5-раундга чейин чыдай аларын көргөзгөн. Бул Валентинанын талашсыз артыкчылыгы деп айтса болот.

Кыргыз өлкөсүндө эрежесиз уруш боюнча мелдештерди өткөрүп жүргөн WEF уюмунун президенти Руслан Кыдырмышев Шевченконун жеңишине толук ишенип турганын айтты.

Чынын айтканда биз үчүн бул беттештин жыйынтыгын алдын ала айтыш оор. Нуньес менен Шевченко экөө тең мушташууда абдан мыкты. Биринчи беттеште Валентина Шевченко партерде начар болчу, ошондуктан жеңилип калган. Бирок андан бери Валентина жеңишке жетүү үчүн бир топ күч кошуп, машыгууларын күчөткөн. Азыркы кезекте аны “машина” деп айтса болот. ММА чөйрөсүндөгү адистердин пикирлери экиге ажырайт. Бирок менин жеке оюм боюнча беттеш толук 5 раунд менен өтүп, Валентина Шевченко калыстардын чечими менен жеңүүчү болот деп ишенем”, - деди Руслан Кыдырмышев.

2016-жылы өткөн беттеште эки спортчу тең өздөрүн жакшы көргөзгөнү менен, Аманда Нуньес мыктыраак болуп чыккан. Бирок анда Аманда Нуньес өзүнүн күчсүздүгүн көрсөтүп койгон. Анын чыдамкайлыгы толугу менен 2 раундга гана жетерин баамдаганбыз.

Ал эми Валентина Шевченко үчүн жеңишке жетүү жолу анын техникасы, чыдамкайлыгы жана коргонуусу экенин унутпаса, ал UFC'нин курун тагынганга үлгүрөт.






Валентина Шевченко чемпиондук кур учун беттешке даярданууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(17)
09.09.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Миша Тейтти, Ронда Роузини женсе оной кыз эмес экен.
10.09.2017. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bond02,мен дагы ошону ойлоп аткам да
09.09.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ийгилик сага валентина.женишке жетерине ишенебиз
09.09.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ийгилик калайбыз Кыргызстандын байрагын которуп чык ринке
09.09.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
nunes jenet baaru 1
09.09.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошондо бишкек убактысы боюнча канчада болот беттеш
09.09.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Валя женет баары бир!!!
09.09.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москва убактысы боюнча качан болот
09.09.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саат канчада болот
09.09.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dastan_nookat,эрте мн 7лерде башталат туз эфир. А повторун болсо Матч ТВдан 14:00до корсотот
09.09.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КТРК спорттон корсотот
09.09.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azat.97,саат канчада
09.09.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azat.97,корсотпойт КТРК спорт. Матч ТВдан корсотот повторун 14.00до
09.09.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми айнанайындар.Бул кыз жакшы чыкты.Женишке жетээрине ишенип турам.
09.09.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
BULLET alga
09.09.2017. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстандын атынан чыгабы ?
09.09.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантсе да женишке жеткин ийгилик Валентина! Туулган жеринди унутпа!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: