super.kg logo

Кыргыздын бир эмес үч көөнөрбөс мурасын камтыган "Саякбай" тасмасынын бет ачары болду

 

Бүгүн, 7-сентябрда "Манас" кинотеатрында "XX кылымдын Гомери" Саякбай Каралаев тууралуу тартылган "Саякбай" кинотасмасынын бет ачары болду.

Кайып дүйнөгө катарлаш, кабыландарга сапарлаш болгон улуу манасчы тууралуу тасманын бет ачарына кыргыз маданиятынын каймактары, коомдук ишмерлер жана бийлик өкүлдөрү келишти. Көрүүчүлөр бир дем менен көргөн бул тасма өзүнө бир гана айтылуу Саякбай Каралаевди жана "Манас" эпосун эмес, кыргызды бүт дүйнөгө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун да образын камтыйт. Жазуучунун ролун уулу Эльдар Айтматов аткарган.

Тасманын режиссёру жана сценарийинин автору Эрнест Абдыжапаров: "Бул кинонун сценарийи жазылып жатканда талаш-тартыш жаралып, маселе пайда болду. Ал эми фильмди тартуу иши кандайдыр бир жогорку жактагы күчтөрдүн жардамы мененби, айтор жеңил болду", - деди.

"Бул тасма азыркы жаштарга, өсүп келе жаткан муунга эң керектүү тасма деп эсептейм. Белгилүү манасчыбыздын образынын экрандаштырылышы - кыргыз маданиятынын чоң жетишкендиги. Ар бир кыргыздын ичинде Манас атабыздын руху жашайт, ошол себептен тасмадагы ар бир актёр ролун ийине жеткире аткара алган" - деп өз пикирин манасчы Талантаалы Бакчиев билдирди.

Эскерте кетсек, "Саякбай" тасмасы Монреалда өткөн кинофестивалда "Мыкты инновациалык тасма" номинациясы боюнча "Алтын Зенит" байгесин утуп алган. Кыргыздын бир эмес, үч кереметин өзүнө камтыган тасма бүгүндөн тарта борборубуздун бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштады.






"Саякбай" тасмасын көргөн манасчынын кызы: "Атамдын жыты келип турду"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
08.09.2017. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыкты тасма болгон окшойт))
08.09.2017. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Манас Атанын арбагы колдосун дегендерге:
Манас Атанын арбагы тынч жата албайт, алдагы момун мусулман болгон, Аллахтын пендеси. Рухун биз тируулор колдоп арбагына Куран окушубуз керек.
Манас Атанын жети осуятын жаттап, жан дуйнобузго баатырдык, айколдук сапаттарын алуубуз керек.
08.09.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жакшы тасма болуптур, эми Саякбай атабыздын ролун келиштире ойногон, ушинтип тартышса болот экенго
08.09.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
luuntik,tuura aitasyz ,ushundai tasmalar kop bolsun ,Ernest aganyn tasmalary ,tasmalarynda oinogon artist aktrisa akterler da abdan mykty ,professional.
08.09.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kubat.karagulov, HAKER-KG, bosmos77777, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган. 10 күндөн БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-08 10:06:50
08.09.2017. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баарынан Бопушту ким тапса да жакшы тапкан окшоштуруп.
SUPER.KG видео
16.09.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООба жан дуйном жашыйт... кыргыз элимдин улуулугун укканда. Манас! Манас!Манас!
Медиа-портал
16.09.2017. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Киноматографтарды да барктап журолу. Мен Россияда Бир киноматограф кемпир мн таанышмын 3 жылдан бери. Ал Колдо коп болуптур кыргыз элин ушунчалык суйот экен мага коп маалымат берди Туман Жумабаев деген суротчу агабызды ошол кемпир аркылуу тааныдым маданият айдынында коп адамдарыбызды билбейт экенбиз. Т. Жумабаевдин вазадагы кызгалдагын кундо тиктеп эс алганын айтты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: