super.kg logo
  Спорт  

Валерий Кичин Орусиянын футбол боюнча улуттук лигасынын күйөрмандарынын тандоосу менен август айындагы үч мыкты футболчунун катарына кирди

 

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамынын жана орусиялык "Енисей" футбол клубунун оюнчусу Валерий Кичин Орусиянын футбол боюнча улуттук лигасынын күйөрмандарынын тандоосу менен август айындагы 3 мыкты футболчунун катарына кирди. Добуш берүү Орусиянын футбол боюнча улуттук лигасынын сайтында жүргөн.

Маалыматка караганда, күйөрмандардын пикири боюнча эң мыкты оюнчу деп "Енисейдин" чабуулчусу Андрей Козлов (32,3%) аталып, андан кийин эле тизмеде экинчи болуп Валерий Кичин (15,5%) жазылган. Тизмедеги үчтүктө аталган лиганын "Балтика" футбол клубунун оюнчусу Дмитрий Скопинцев (15,3%) орун алган.

Ал эми Орусиянын футбол боюнча улуттук лигасынын тандоосу боюнча август айынын мыкты оюнчулары деп "Енисейдин" чабуулчусу Андрей Козлов, "Шинник" командасынын оюнчусу Эльдар Низамутдинов, "Крыльев Советов" курамынын оюнчусу Сергей Корниленко табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: