super.kg logo

Бишкекте 60 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелгендердин соту 19-сентябрга жылды

 

Бишкекте 60 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелгендердин соту 19-сентябрга жылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда маркумдун уулу Нурлан Султанов билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда 60 жаштагы Бурмаш Акматованын өлүмүнө айыпталгандардын иши боюнча соттук отурум уланды. Анын жүрүшүндө айыпталуучулардын жактоочулары кошумча күбөнү суракка чакыруу өтүнүчүн келтиришти. Ага жабырлануучу тарап менен прокурор каршы болду. Бирок сот ал өтүнүчтү канааттандырып, ишти кароону 19-сентябрга жылдырды.

Айта кетсек, окуя ушул жылдын 22-февраль күнү түшкө чейинки убакытта Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө болгон. Анда 60 жаштагы Бурмаш Акматованы белгисиз кишилер өз үйүндө өлтүрүп кетишкен. Аялдын жанында бир жашар ымыркай да болгон. Сөөктү алгач мектептен келген небереси көргөн. Ал эми март айынын башында кылмышка шектүү катары 1956-жылы туулган Майрамкүл Абдурасулова жана 1953-жылы туулган Нарын Токтошев кармалган.

Алдын ала маалымат боюнча, Майрамкүл Абдурасулова маркумдун курбусу болгон. Ал окуя болгон күнү анын үйүнө мурдагы күйөөсү Нарын Токтошев менен кошо келген. Кийин Токтошев маркумду башка атып, үйдөгү 15 миң долларды алып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.09.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне эле ушуларды соттой абай жатат адеп жылдырып булардында даагы бир нерсези барго
08.09.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын ишин сот Эрнис айбек уулуна бериш керек эле ,суткалап иштеп болсо да бутуруп салмак, текени соттогондой кылып (((((
almazbei түзөттү 2017-09-08 12:39:06
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: