super.kg logo

“Центерра” менен компромисске баруу аркылуу өкмөт башка инвесторлорго белги берүүдө

 

Сергей Пономарев жаңы министрлер кабинети менен келечекке оптимисттик көз карашта.

“Центерра Голд Инк” жаңыдан түзүлгөн жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 миллион доллар, республикалык Онкологиялык борборду техникалык жаңылоого 10 миллион доллар которууга даяр. Экологиялык төлөмдү 3 миллион АКШ долларына чейин көтөрүү макулдашылды. Калыбына келтирүү Фонддун каражаты Улуу Британиядан Кыргыз Республикасынын каржы мекемелерине жыл сайын 6 миллион АКШ доллары өлчөмүндө кен жабылгандан кийинки калыбына келтирүү багытында иштерди аяктоого (69 миллион АКШ долларынан кем эмес) карата жогорулап турат. «Центерра» менен КРнын өкмөтүнүн сүйлөшүүлөрү каржылык мааниде ушундай жыйынтыкталды.

Эксперт-экономисттер кандай пикирде? Келишимге макулдашуу өлкөнүн экономикалык абалына кандай таасир этет? Мындай макулдашууларга буга чейин бир да министрлер кабинет жете алган эмес.

«Калыстык үчүн, министрлер кабинети – бул баарынан коллективдүү орган экенин белгилейли. Ошол эле учурда премьер-министрдин ролун кичирейтүүгө болбойт. Жана биргелешкен иштин жыйынтыгы катары “Кумтөр” жана башка объекттер боюнча макулдашкан келишимдердин толук аткарылуусу шарт», - деп базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалар ассоциациясынын башчысы Сергей Пономарев өз комментарийин баштады.

Маектешибиз жөнөкөй чындыкты эске салат – конфликт жараткан кырдаалдар аз болгон сайын, өлкөнүн инвестициялык климаты ошончолук жакшырат да, чет элдик инвесторлордун кызыгы артат.

«Дүйнөлүк ири инвесторлор акча салуудан мурун, абалга баа беришет. Ооба, өнүккөн өлкөлөрдө маржа көп, бирок тобокел аз, анын ичинде саясий. Эгер келишим жетилип, кол коюлса, эч кандай термелүү болбойт. Ал эми өнүгүп келаткан өлкөлөрдө киреше да, тобокел да көп», - деп тактады Пономарев.

Ошондой эле ал азыркы өкмөт “Кумтөр” менен бардык негизги маселелерди чече алса, бул өлкөдөн чыгып кеткен же жаңы долбоорлорду баштоого белсенип, «Кумтөрдүн» айланасындагы кырдаалды байкап аткан инвесторлор үчүн белги болорун кошумчалады.

“Андан да келишимге макулдашууга “Центерранын” биржадагы акцияларынын баасына орчундуу таасир этиши мүмкүн. Албетте, инвесторлорду кайтарып келүү менен жаңыларын тартуу бир күндүк процесс эмес, бирок ага жетүүгө болот. Окуянын мындай бурулушу бардык инвесторлор, биз үчүн да пайдалуу”, - дейт эксперт. Анын айтымында, эгер ушундай темпте кетсек, буга чейин Кыргыз өлкөсүн ишенбөөчүлүк менен карап келген инвесторлор, өз бааларын кайра карап чыгышат.

“Өкмөткө “Центерра” менен бир пикирге келиши үчүн алкыш айтсак болот. Жаңы өкмөт ушул эле нукта иштей беришин тилейбиз. Жакында, экономика министри Новиков бизнес коомчулугу менен жолугуп, алдыга коюлуучу кадамдарды талкууладык. Чынында кызыктуу диалог болду. Өкмөт менен тил табышып алабыз деп ишенем. Андан сырткары буга чейин жүзөгө ашырууга мүмкүн эместей сезилген идеялар үчүн шанс пайда болду. Азырынча өкмөттү аванс катары мактап, жаңы багытка кетип жатат деп айта албайм. Бирок ошол жаңы багыттарды талкуулап жатканы мыкты. Ал эми сөз бойдон калбай, ишке да ашып кетсе, Кыргызстан экономикасы, албетте, пайда көрмөкчү».






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.09.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтат, сотсуз чечимге келгенден кийин башка инвесторлор деле ойлонушатта булар менен иштесе болот деп
09.09.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaazira13,кошулам!
09.09.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
инвестициялык климатыбызды жакшыртып анан инвесторлорду тартып келип онугушубуз керек
09.09.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
“Андан да келишимге макулдашууга “Центерранын” биржадагы акцияларынын баасына орчундуу таасир этиши мүмкүн. Албетте, инвесторлорду кайтарып келүү менен жаңыларын тартуу бир күндүк процесс эмес, бирок ага жетүүгө болот. Окуянын мындай бурулушу бардык инвесторлор, биз үчүн да пайдалуу”
Туура айтат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: