super.kg logo

АКШнын Кентукки штатындагы бийлик аборт жасачу жалгыз клиниканы жабууну талап кылууда

 
EMW аялдар борборунун алдындагы нааразылык акциясы.

АКШнын Кентукки штатындагы аборт жасачу жалгыз клиника лизенциясынан ажырап калышы мүмкүн. Бул тууралуу 7-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бийлик өкүлдөрү аборт жасаганга шарттары начар деп клиниканы жабууну айтышкан. Азыркы тапта бул боюнча соттук процесстер башталды. Муну менен бул штат АКШдагы мыйзамдуу түрдө кош бойлуулукту токтотууга тыюу салынган аймак болуп калышы ыктымал.

EMW аялдар борбору соттон бийликтин талаптары негизсиз деп табууну суранып жатат. Соттук процесстер жүрүп жатканына байланыштуу сот клиниканын ишин токтоткон. Бирок учурда клиника иштеп жатат. Штаттын бийлиги аялдардын укуктары жана ден соолугу үчүн күрөшүп жатканын айтып жатышат. Эгер клиника жабылса 4 миллион калк жашаган штаттын жашоочулары боюнан алдыртуу үчүн башка штатка барышы керек болот.

1980-жылдан бери иштеп келе жаткан EMW аялдар борбору Луисвилл шаарында жайгашкан. Жеке менчик клиникада аялдар өз каалоосу менен кош бойлуулукту токтото алышат. Аталган борбор өзүнүн расмий сайтына жайгаштырылган маалыматта Кентукки штатынын мыйзамдарына ылайык иш алып барышканы жазылган. Мисалы, аборт жасатууну каалаган аял дарыгер менен кеңешет, ага түйүлдүктүн жүрөк согушу, эмбриондун көрүнүшү көрсөтүлөт.

2017-жылдын башында штатта эки клиника иштеп жаткан. Лексингтон шаарындагы клиника жергиликтүү бийликтин басымынан кийин жабылган.

Ушундай эле кырдаал башка штаттарда да кездешип жатат. Түндүк жана Түштүк Дакота, Миссисипи, Миссури, Вайоминг жана Батыш Виргиния штаттарында бирден клиника калган. Жергиликтүү бийлик акыркы жылдары абортко байланыштуу мыйзамдарды өзгөртүшүп, клиникалар жабылууга мажбур болушууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(3)
08.09.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
1 штатта 1 клиника бизде бир эле шаарда 10дон ашык клиника бар, кааласа алдырат кааласа таштап кетет)))
08.09.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кана баардык жерде баланы алдырганга тыю салса.Алган адам камалат алдырган дагы десе
08.09.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп кыздар балдардын никесиз байланышка баруусуна тоскоол болмок жана куноодон да тосот эле болбосо тообо кунуно коп алдырат баланы.врачтар корунойун деп барсан алдырасынбы дейт жок тороймун десен туруп тур кут деп башкасынын баласын алып акчасын алып анан келип корот.ал кыз дагы беймарал эч нерсе болбогондой кете берет тообо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: