“Айыл-агро-2013” көргөзмөсүнө 2 күндүн ичинде 6 миңдей дыйкан катышты
Бишкектеги эски аянтта өтүп жаткан “Айыл-агро-2013” агрардык өнөр жай жана айыл чарба техникаларынын көргөзмөсүнө 2 күндүн ичинде 6 миңден ашуун дыйкан катышты. Бүгүн, 24-майда дагы 2 миңдей дыйкандын келери күтүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Көргөзмөгө АКШ, Германия, Кытай, Түркия, Италия, Беларусь, Польша мамлекеттеринин айыл чарба техникалары коюлууда. Аталган көргөзмөнү уюштуруучу комитеттин кийинки жыйыны июнь айында болуп, анда “Айыл-агро-2014” көргөзмөсүн өткөрүү мезгили аныкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
2

