super.kg logo

"Кумтөр" боюнча компромисске жеттик" дейт экономист Жумакадыр Акенеев

 

"Кумтөр" боюнча компромисске жеттик - укук чегинде, жаңжалсыз, шантажсыз, чуусуз жана эң негизгиси - баары ачык-айкын. Биздин өкмөт "Центерра" менен компромисске жетүү колунан келет деп ойлогон эмесмин. Чындыгында, азаматтар! Кенди иштетүүнүн тарыхында алгачкы жолу биз эч кандай шантажсыз, жаңжалсыз пайда алып жатабыз", - дейт экономист Жумакадыр Акенеев.

Айта кетсек, кеп "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра" менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишим жөнүндө болуп жатат.

"Кайра түзүлгөн Экологияны коргоо фондуна 50 миллион доллар бөлүү - бул абдан чоң көлөмдөгү каражат. Албетте, эгер бул акча каражат туура пайдаланылса, Ысык-Көлдү тазалоочу курулмаларды модернизациялоого жана реконструкциялоого жетет. Дагы кыйла жакшы иштерди жасаса болот. Анан Онкологиялык борборго 10 миллион доллар бөлүү да кубанарлык окуя. Ири ишканалар үчүн социалдык жоопкерчилик жагынан мыкты үлгү. Онкоборборго жардамды коомчулук "Кумтөр" менен эстеп турушат. Бул абдан жакшы. Анан рекультивациялык фондду Кыргызга которуу - бул дагы мыкты кадам", - дейт Акенеев.

"Ачык айтканда, Акаевдин жана Бакиевдин мезгилинде бекитилген келишимдер учурда иштеп жатат жана алардын негизинде "Центерра" кыргыз тарап менен эсептешпей эле койсо болмок. Бирок тараптар маселелерди чечүүдөгү чоң жоопкерчиликти түшүнүп талкуу жүргүзүштү. Мындан улам биз инвесторлор менен мамилелерди таза барактан баштадык. Мен ойлойм, бул башталышы гана, баары али алдыда", - деп кошумчалады эксперт.

Акенеев дагы бир маанилүү маселеге көңүл бурду - келечекте кендерди иштетүү үчүн "Центерра" сынактарда жана тендерлерде жалпы шарттарда катышып жеңсе, эки тарапка тең пайдалуу шарттар менен ишканалар түзүлөт.

Экономист "Экологияны коргоо фондуна акча каражат бөлүү өлкөдө жашыл экономиканы түзүүгө биринчи кадам болушу мүмкүн" деп божомолдойт.

"Тазалоочу курулмалар Ысык-Көлдө туризмди өнүктүрүүгө мыкты түрткү болот. Бул тармак "стратегиялык" даражадагы тармактардын бири болушу ыктымал. Ысык-Көлдөн кийин башка облустарда, башка аймактарда бул иш уланат. Ошол эле зыяндуу каражаттарсыз айыл чарба продукцияларын өндүрүү, ошол эле энергетика, мунун баары "жашыл экономика" форматына туура келет", - деп эсептейт экономист.

Ошондой эле Акенеев мунун баары сүйлөшүүлөрдү ар тараптан жогору баалаган мыкты процесстин башталышы экенин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
08.09.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы бир бийликтин күчүгү экен да байкуш((
08.09.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акча алса мактап калышат.Тиякта бабанов мурда айтпай, эртен шайлоо дегенде эл учун куйуп калат.
09.09.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KUBI,ошода премьер кезинде эч нерсе кылган эмес анан азыр патриот болуп калдыда
08.09.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер инфо сураныч откондо сканворд б.ча белектердин айттым эле ошого жоопту каерден алсам болот
09.09.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сотсуз суйлошкондон кийин башка инвесторлор деле ойлонуп калса керек, булар менен иштесе болот турбайббы деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: