super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-СЕНТЯБРЬ: Ачкадан өлгөн эл, кыйраган хансарайлар. Ленинград блокадага алынганына 76 жыл болду

 

Баатыр шаар Ленинграддын (азыркы Санкт-Петербург) фашисттердин блокадасына алынганына 76 жыл болду. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1941-жылдын 8-сентябрында Ленинград шаары фашисттер тарабынан курчоого алынган. Блокада 1944-жылдын 27-январына чейин созулуп шаар 872 күн бою фашисттердин курчоосунда турган. Курчоодо 2 миллион 544 миң жаран калып, анын 400 миңге жакыны жаш балдар болгон. Бирок шаардыктар каармандык көрсөтүп, душмандарга баш ийип беришкен эмес.

Шаар жашоочуларын эвакуациялоо учурунда фашисттер тынбай кол салып турушкан.

Сентябрь-октябрь айларында фашисттер эртең менен жана кечинде абадан аткылап турушкан. Жалпысынан блокада учурунда Ленинградга 150 миң снаряд, 107 миңден ашуун жардыруучу бомба ташталган. Анын кесепетинен 3 миң имарат бузулуп, 7 миңден ашыгына зыян келтирилген. Согуш учурунда кыйраган маданий-тарыхый жерлер анын ичинде Екатерина хансарайы жана башкалар боюнча немистер күнөөлүү деп айтылып келет. Баалуу буюмдардын басымдуу бөлүгү Германияга жеткирилген дегендер да бар.

Ачкачылыктан 630 миң адам көз жумган. Шаардын көчөлөрүндө өлүктөрдүн жатышы кадимки көрүнүш болуп калган. Көпчүлүгүнүн сөөгү Пискарев мемориалдык көрүстөнгө коюлган.

Душмандардын курчоосунда калган Ленинградда ачкачылык башкы көйгөй болгон. Социалдык жактан муктаж болгондорго жана балдарга 20-ноябрдан 25-декабрга чейин күнүнө 125 граммдан гана нан берилген. Жумушчуларга 250 граммдан, ал эми аскердик күзөт, өрт өчүрүү боюнча команданын мүчөлөрүнө 300 граммдан нан берилген. Нан кебек жана сулу акшагынан жасалгандыктан өңү кара, даамы ачуу болгон.

Ленинграддан 1,5 миллион эл башка жакка көчүрүлгөн. Шаар тургундарынын арасында өз үйлөрүн таштап кетүүгө каршы чыккандар да болгон. Буга байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турган. Курчоого алынган Ленинградда биринчи кыш аябай суук болуп, термометрдеги көрсөткүч - 32,1 °C'ге жеткен. Кыш май айына чейин созулган. Үйлөргө жылуулук, ичүүчү суу берилбей, канализация иштебей калган. Адамдар мешке от жагып, китептерди, эмеректерди күйгүзгөнгө мажбур болушкан.

8-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.09.2017. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы жашообузга мин мертебе шугур кылаы
Шугур кылалы десек чондорубуз кыжырды келтирип жатбайбы ач коздоноуп мага мага озумо деп
Ал аз келгенсип мьянма да ото журокту эзип оорутуп жиберди бирок будистер ажыдардын куйругун тепселеп алганын байкабай калышты Эми тынч койбойт мусулмандар бирдемке болселе терориис
терорис дейт ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-09 11:54:23
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: