Аксыда АН-2 учагы кулаган аймакка өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары менен Жалал-Абад ОИИБинин башчысы жөнөп кетти
Бүгүн, 24-майда саат 10:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жыл-Кол айылына Ан-2 үлгүсүндөгү учак кулап түшүп, кырсыктан 2 адамдын каза болгондугу айтылды. Окуя болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Кушбак Тезекбаев менен Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Малик Нурдинов жөнөп кетти. “Бул жер Жалал-Абад шаарынан 80 чакырым алыстыкта жайгашкандыктан учурда жолдо бара жатабыз. Окуянын чоо-жайын жакшы биле элекпиз. Азырынча бир нерсе деп айтуу кыйын”,- деди Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-10-01
10:57
2025-10-01

22:19
2025-09-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.