ЖЫЛНААМА, 8-СЕНТЯБРЬ: 2009-жылы композитор жана аткаруучу Шамшыбек Өтөбаев каза болгон
Белгилүү композитор жана аткаруучу Шамшыбек Өтөбаев 8 жыл мурун, 2009-жылы 8-сентябрда жүрөк оорусунан көз жумган. Ал болгону 58 жашта эле.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, 14 республикалык, 8 эл аралык сынак-фестивалдардын жеңүүчүсү Шамшыбек Өтөбаев 1951-жылы 11-декабрда Ноокендин Шыңсай айылында туулган.
Анын аткаруусундагы “Таң сыры”, “Сары-Челек”, “Көл кечи”, “Кыргыз жери”, “Сен менин жазылбаган ырларымсың”, “Сага”, “Фрунзенин теректери” жана башка жүрөккө жеткен ырлары элге сиңип, оозуна алынып, классикага айланган. Андан сырткары “Ат келет”, “Кутман жер”, “Алтын тумар”, “Атама”, “Өмүр керемет”, “Кыялдагы мырзага”, “Кат жазчы мага”, “Дүрдана”, “Ата Журт” деген ырлары популярдуулугун жоготпой, профессионалдык жогорку деңгээлдеги ырлардын катарында өз ордун тапкан.
8-сентябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.