III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын күз айларында өтөт
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2018-жылдын күз айларында өтөт. Аталган иш-чараны өткөрүүдө маселе жаралбоосу үчүн өкмөттүн алдында бардык зарыл болгон аракеттердин иш планын иштеп чыгуу милдети турганын өкмөт башчы Сапар Исаков 8-сентябрдагы жыйында билдирди.
Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, Сапар Исаков иш-чараны өткөрүүдө мамлекеттин бюджетине оорчулук жаралбашы үчүн демөөрчүлөр менен иштешүүгө маани берүү керектигин белгиледи.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатында өкмөт менен кызматташууга даяр компаниялар менен туура иш алып баруу зарыл. Бул өз ара пайдалуу кызматташуу болот. Иш-чараны өткөрүүдө мамлекеттик бюджетке оорчулук жаралбашы керек. Бул багытта кызматташууга кызыкдар өнөктөштөр жана демөөрчүлөр менен өз ара аракеттенүү маселелерин иштеп чыгуу маанилүү", - деди Исаков.
Өкмөт башчы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча министрликтердин жана мекемелердин алдына бир катар тапшырмаларды койду.


Силерге кылмыш козгош керек озу мамлекетке чон зыян келтирди деп...
2-кочмондор оюнун да демоорчулордун эсебинен откоробуз деп убаданы аянбай берген. Жыйынтыгында тыштан да миллиондоп акча чогултуп, ал аздай авариялык мектептердин ордунв жаны мектеп салууга казынадан болунгон 2 миллиард сомду кочмондор оюнуна жумшап жиберишкен уялбай!!! Бул боюнча Атамбаев менен Исаковду
Сен Сапар, кийинки кузго чейин барсынбы жоксунбу ошону ойлон!!! Бай атана коп ишене бербе!!! Балким аз кундо бай атана кошулуп темир тор артына отуп жеп-синирген миллиондорду кусуп журбо!!! Сагызган сактыгынан эмес, суктугунан олот деген макал Аташкан экоон учун куп туура келет....