ЖЫЛНААМА, 9-СЕНТЯБРЬ: Акчаны жаман көргөндүктөн "Нобель" сыйлыгынан баш тарткан орус жазуучусу жана ойчул Лев Толстой 189 жыл мурун төрөлгөн
Атактуу орус жазуучусу жана ойчул Лев Толстой мындан 189 жыл мурун, 1828-жылы 9-сентябрда Орусиянын Тула губерниясындагы Ясная Поляна аймагында жарык дүйнөгө келген.
Маалыматтарга караганда, ал автордук укуктан баш тарткан биринчи жазуучу болгон. Ошондой эле мамлекеттик системге каршы чыгып, дыйкандардын тарабында болгон. Жазуучунун "Нобель" сыйлыгынан баш тартканы дагы белгилүү. Өзүн аталган сыйлыкка талапкер катары көрсөтүп жатышканын уккан Лев Толстой 1906-жылдын 7-октябрында фин жазуучусу Арвид Ярнефельтке сыйлыкты албай калышына жардам беришин суранып кат жазган. А.Ярнефельт анын сунушуна макул болуп, "Нобель" башка жазуучуга ыйгарылган. Ойчул акчанын жамандык алып келерине ишенгенинен улам сыйлыктан баш тартканын билдирген.

- "Ар бир адам адамзатты өзгөрткүсү келет, бирок эч ким өзүн өзгөртүү жөнүндө ойлонбойт"
- "Күчтүү адамдар жөнөкөй болушат"
- Баары план коюшат, бирок эч ким кечкиге чейин жашаарына кепилдик бере албайт"
- "Сүйүүсүз жашоо жеңил, бирок ансыз өмүр сүрүүнүн мааниси жок"
- "Өз үйүндө бактылуу болгон адам бактылуу"
- "Сага бирөөнүн чыккынчылык кылышы колуңду сындырып кеткенге барабар. Кечирүүгө болот, бирок кучактай албайсың"
- "Бактылуу адам башкаларга жамандык каалабайт"
- "Кээ бир адамдар алгач ойлонуп, аны айтып анан ишке ашырышат. Башкалар сүйлөп, ишке ашырган соң ойлонушат"
- "Өзүңөрдүн да, башкалардын да сөздөрүнө ишенбегиле. Силердин жана башкалардын жасаган иштерине ишенгиле"
9-сентябрдын жылнаамасы.






1 |