super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-СЕНТЯБРЬ: "A-studio" тобунун ырчысы Кети Топурия 31 жашка толду

 
"A-studio" тобу
Ырчы мурдуна пластикалык операция жасатканга чейин жана кийин

20 жылдан ашык тарыхы бар легендарлуу "A-studio" тобунун мүчөсү Кети Топурия бүгүн, 9-сентябрда 31 жашын белгилеп жатат. Ал 1986-жылы Грузиянын борбору Тбилиси шаарында жарык дүйнөгө келген. Толук аты-жөнү - Кетеван Топурия.

Ырчы 1998-жылы Тбилисидеги музыкалык мектепти, 2003-жылы музыкалык училищени аяктаган. Ошол эле жылы Грузияда ырчы катары атактуулукка жетишкен. Грузиянын мамлекеттик университетинин психология бөлүмүнө тапшырган. Бирок "A-studio" тобуна мүчө болуу сунушу түшкөндө Кети окуусун таштап, Москвага сапар алган.

Бала чагы жана азыркы кези

Анын: "Эсимде, Нато аттуу продюсер менин ырларымды топтун мүчөлөрүнө жиберген эле. Топтогу жигиттерге үнүм аябай жагып, бирок жолугушууга келгенде убакытты аябай созушкан. Көрсө, менин грузиялык экенимди угушканда муруту бар, семиз кыз болсо керек деп коркушуптур. Ошентип 2005-жылы "A-studio`нун" жаңы солисти катары эл алдына чыктым", - деп эскергени бар.

Жолдошу Лев Гейхман менен

Жеке жашоосу

Кети Топурия мурдуна эки ирет пластикалык операция жасаткан. Ырчы Влад Топалов, Сергей Лазарев, актёр Игорь Верник, музыкант Сергей Аморалов, футболчулар Дмитрий Сычёв, Каха Каладзе менен кыз-жигит болгон деген сөздөр эл арасына тараган. 2013-жылы Лев Гейхман аттуу жеке ишкер Кети Топурияга үйлөнүү сунушун киргизип, макулдугун алган. Эки жылдан кийин түгөйлөр Оливия аттуу кыздуу болушкан.

Ушул жылдын март айында ырчынын апасы журналисттерге кызы жолдошу менен бирге жашабай калганын айтып берген. Эки күн мурда Кети Топурия Инстаграмдагы жеке баракчасына күйөөсүнүн жана кызынын сүрөтүн жарыялап: "Левчик, сага Оливия аттуу бакыт үчүн рахмат! Экөөбүз көптөн бери чогуу жашабасак да мен сени сүйөм! Бирок биз түбөлүккө бир үй-бүлөбүз, доспуз", - деп жазган.

9-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: