super.kg logo

БШК Кара-Сууда шаардык кеңешти шайлоодогу ызы-чууну талкуулап жатат

 

Бүгүн, 9-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда 3-сентябрдагы Кара-Суу шаардык кеңешин шайлоо боюнча маселе көтөрүлдү. Анда шайлоо бюллетендери "Учкун" басмаканасынан чыгарылып, бирок туурасы аппаратка батпай калганынан кесилип салынганы айтылды. БШКнын шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысынын айтымында, аталган факт боюнча 3 күн ичинде арыз түшкөн эмес. БШКнын мүчөсү Назарали Арипов буга нааразы болду.

"Сиздер мыйзам бузуулар болбогондуктан эч кандай даттануу болгон эмес деп жатасыздар. Жогорку Кеңеште чоң эле фракция мыйзам бузуулар болгонун айтып чыкты. Арыз түшпөсө да эл арасында катуу талкуу болуп жатат да. Эгерде бюллетендер кенен болуп батпай калса, эртең президенттик шайлоодо ар бирине бирден кайчы алып беребизби. Буга чара көрүү керек да", - деди Арипов.

Шайлоо бюллетендеринин туура эмес чыгуусу боюнча "Учкун" басмаканасынын директору Урмат Бейшеев түшүндүрмө берди. Ал кагаздардын туура эмес чыгуусу биринчи ирет катталып жатканын айтып, бул кызматкерлердин катачылыгы экенин белгиледи. Анын айтымында, жалпысынан 4 миң бюллетень туура эмес чыгып калган.

Кара-Суудагы №55-шайлоо участкасынын жетекчиси орус тилиндеги барактар өтүп, кыргыз тилинде жазылган барактар өтпөй койгонун айтты. "Кыргыз тилиндеги барактарды кыркууга туура келди", - деди шайлоо участкасынын жетекчиси.

Эске сала кетсек, Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо 3-сентябрда өткөн. БШКнын маалыматы боюнча, Кара-Суу шаарында 6 шайлоо участогунда 9 миңден ашуун шайлоочу добуш берген. Кечээ Жогорку Кеңештин оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында бул маселе көтөрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.09.2017. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар, бузуку ишиңерге жаза тартасыңар БШК!
10.09.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлгөн экенсиңер БШК,башталышында ушундай иш болуп жатат,президенттик шайлоодо өлтүрөсүңөр го көз боёмочулук кылып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: