super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров: “Биздин партия “Кайра жаралуу” деп аталбайт

 

Бүгүн, 9-сентябрда маалымат жыйынында президенттикке талапкер Адахан Мадумаров учурда партиялар арасында биригүүлөр жүрүп жатканын билдирип, анын аталышы боюнча акыркы чечим чыга электигин айтты.

Биздин партия “Кайра жаралуу” деп аталбайт. 11-сентябрдагы съезд боюнча сүйлөшө элекпиз. Бул келип түшкөн ондогон сунуштардын бири. Анын ичинде керемет сунуштар бар. Муну жамаат ортодо кеңешип, келишип анан чечишибиз керек эле. Тилекке каршы, алдын ала маалымат жарыяланып кетиптир. Биз биринчи пайдубал койгондо туура коюшубуз керек. Баарыбыз, 7 партия же 10 партия биригишибиз керек. Эң негизгиси муну кечиктирбей жасашыбыз керек”, - деди Мадумаров.

Буга чейин биригүү максатында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жаңы түзүлгөн партия “Кайра жаралуу” деп түзүлөрүн айтып, 11-сентябрда биринчи съезд болорун айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 19 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: