super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте "мыйзамсыз жайгашкан" деген себеп менен бир катар курулуштар бузулууда. Курулуш ээлери нааразы

 
Бузула электеги интернет клубдун абалы
Бузула электеги чач-тарачтын абалы
Бузула электеги чач тарачтын абалы
Бузула электеги чач тарачтын абалы
Жаңы автовокзалдын маңдайында жайгашкан чач тарач, акча алмаштыруучу жай жана интернет клуб
Күркө бузулууда... ээси ичиндеги буюмдарын ташып жатат
Мэрия кызматкерлери жооп берүүдөн баш тартышты
Жаңы автовокзалдын маңдайында жайгашкан чач тарач, акча алмаштыруучу жай жана интернет клуб
Интернет клубдун ичи
Акча алмашытыруучу жай
Чач-тарачтын ичи
Күркө ээлеринин айтымында, бузуу иштери күтүүсүз башталып, буюмдарын минтип сыртка чыгарууга аргасыз болушту
Бузуу иштери нааразычылыктар менен коштолууда
Бирдик салуучу жай "жер которууда"

Белгилүү болгондой, акыркы күндөрү Бишкектин аймагында мыйзамсыз жайгашкан курулуштарды бузуу иштери кызуу уланып жатат. Ушундай себеп менен бүгүн, 24-майда шаардагы жаңы автовокзалдын маңдайында жайгашкан чачтарач, акча алмаштыруучу жай жана интернет клуб бузулуп жатат. Чачтарачты ижарага алып, иштетип жаткан Миргүл Алымбекова мэрия имаратты бузар алдында эч кандай эскертүү бербегенин айтат. “Мурда бул жер даараткана болчу, ал мезгилде абалы аябай начар эле. Биз оңдоп, түздөп алганбыз. Бирок эмне себептен бузуп жатат, биз билбейбиз. Менимче, бул жерге дагы бир бай келип, бир нерсе курат болуш керек”,- дейт ал. Ал эми мэриянын кызматкерлери жооп берүүдөн баш тартышты. Мындан кийин Жумаш Куттубаев аттуу аталган имарат жайгашкан жердин ээси менен байланышканда  Жок дегенде алдын ала айтып коюшса, ишчилер өз эмеректерин убагында чыгарып кетишмек да. Эми сотко кайрылабыз”,- деп жооп берди.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: