super.kg logo
  Спорт  

Валентина Шевченко: "Нуньеске менден токмок жегени үчүн жеңиш ыйгарылдыбы?" (фото)

 

Канаданын Эдмонтон шаарында бүгүн, Бишкек убактысы боюнча 10-сентябрда саат 10:00дө UFC-215 мелдешинин алкагында Кыргыз өлкөсүнөн чыккан спортчу Валентина Шевченко эрежесиз уруштун эң беделдүү мелдеши - UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн Аманда Нуньес менен реванштык беттешке чыкты. Анда Шевченко бразилиялык мушкер Аманда Нуньеске жеңилип калды. Оюндун жыйынтыгына нааразы болгон Шевченко калыстык болбой калганын айтты.

Чемпиондук курун коргоп, жеңишке жетишкен Аманда Нуньес: "Мен бул оюнга ооруп жатсам дагы аябай болгон күчүмдү жумшап даярдангам. Шевченко беттеште жеңерине абдан ишенип жаткан. Ооба, мен аны чындыгында татыктуу эле атаандаш катары көрүп жаткам. Өзүңөр көрдүңөр, ал бул ирет дагы жеңишке жете алган жок. Кур меники, колдооңуздар үчүн рахмат!"

Жеңилүү ызасын тартып калган Валентина Шевченко: "Мен түшүнбөй турам. Кайсы соккусу үчүн ага жеңиш ыйгарылды? Менден токмок жегени үчүнбү? Бетин карагылачы, кан, мурду канап жатат. Соккунун баары мен тараптан болду. Ал эки капталдан гана алсыз соккуларды уруп жатты. Мен оюндун жыйынтыгына макул эмесмин. Калыстык болсо 3-беттешке уруксат берилиши керек".

Эскерте кетсек, бүгүнкү беттеш эки мушкердин 2-салгылашуусу. Биринчи беттеш 2016-жылы UFC-196 мелдештин алкагында алгачкы жолу кез келген. Анда беттеш 62 килограмм салмак ченинде өтүп, 3 раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен Нуньес жеңип алган. 3-беттешти уюштуруунун кажети барбы же жокпу, аны убакыт көрсөтмөкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(10)
10.09.2017. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-26
Эми ар нерсени айта бербей, жеңилгендида көтөрө билиш керекта. Зарубежде атаандашыңды нокаут менен эле утпасаң, очко менен ута албайсыңар, по любому тартып коюшат. Бүттү эми таң берип кала бер, же 3-реваншка чакыр кайра).
10.09.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
FIFA.,еу ФИФА неле добдуроп атасын
10.09.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
FIFA.,айнып жаза бербечи валентина уткан болчу мен кордумго
10.09.2017. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бирок Кыргызстандын дуйно коомчулугунда авторитети жок экендида оз таасирин тийгизди
10.09.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Болдугулачы эми кайра кайра жаза берьей
10.09.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a, made in ПАПА жазат да акыйкатсыз беттеш болсо
10.09.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Valia jendi ele prosto kurdu aziaga bergileri kelbedi ufsinin statikasy boiuncha da valiadan 87% sokku bolgon a amandadan 81%
11.09.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yasin11,Перунун атынан чыгат Америка тарапка бергиси келбеди
10.09.2017. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Болору болуп боесу каныптыр,демек Валентина дагы дагы талыкпай машыгып дал ушул нунести бир тееп эле тушурбосо женишти бербей калышты го.
11.09.2017. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин жолубуз болбой атат чё то,Валентина акыйкатсыз женилди,кок боручулор айлакер какендерге женилди,футболчуларыбыз ошончодон именно Мьянмалыктарга туш келип...кыскасы бул жылы жениш жазылган эмес окшойт тагдырыбызга,за то кийинки жылдары утабыз баарын буюрса!)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: