super.kg logo

Өлкөдө 50-54 жаштагы жарандардын 19 пайызы гана пенсия алат, алардын жарымы майыптыгы боюнча пенсияга чыккандар

 

Өлкөдөгү 50-54 жаштагы жарандардын 19 пайызы гана пенсия алат, алардын жарымы майыптыгы боюнча пенсияга чыккандар. Мындай маалыматты Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул тууралуу БУУнун социалдык-экономикалык маселелер боюнча департаменти министрликтин өтүнүчү менен жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында белгилүү болгон. Сурамжылоого өлкөнүн аймактарында жашаган 50 жаштан жогорку курактагы 4000 тургун тартылган.

"Ал эми сурамжылоону 55-59 жаштагы тургундар арасында жүргүзгөндө бул көрсөткүч 43 пайызга жеткен. Сурамжылоонун негизинде өлкөдөгү 70 жаштан жогорку курактагы улгайган жарандар 100 пайыз пенсия алары белгилүү болгон", - деп айтылат маалыматта.

Пенсия жөнүндөгү мыйзамдар боюнча жарандардын маалымдуулугу жаш курагы жогорулаган сайын жакшыра тургандыгы аныкталган.

50-54 жаш курактагы тургундардын үчтөн бири гана пенсия жөнүндөгү мыйзамдарды билүүгө кызыкдар болсо, 60 жаштагылардын 56 пайызы өздөрүнүн пенсиясы тууралуу маалыматты сурап, билип турушат.

"Сурамжылоонун негизинде 70 жаштагы улгайган жарандардын 82 пайызы бул тууралуу маалыматка ээ. Ал эми 80 жаштан жогорку курактагы жашоочулар пенсия тууралуу маалыматка толук ээ болгону менен, ага канча акча кошулуп же кемип жатканына көп деле маани бербей тургандыгы аныкталган. Пенсия - өлкөдөгү улгайган адамдардын төрттөн бир бөлүгүнүн жалгыз киреше булагы. Карыялар акчасынын көп бөлүгүн азык-түлүккө, медициналык тейлөөгө жана дары каражаттарына жумшайт", - дейт министрликтин маалымат кызматы.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.09.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элуу торт жаштан кандай дактмент менен чыгат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: