super.kg logo

Флориданы каптаган "Ирма" бороону миллиондогон үйлөрдү жарыксыз калтырып, штатты сууга жууду (фото)

 
Бороондун космостон көрүнүшү

АКШнын Флорида штатында "Ирма" бороону жүрүп, Майами шаарына жетти. Анын жыйынтыгынан Майами шаарынын айрым райондору суу астында калды. Жамгырлуу бороондон улам суунун деңгээли көтөрүлүп, штатты суу каптоодо. Учурда бороон штаттын батыш жээгине толук жетип, анын кесепети токтобогон жаандын жаашына алып келүүдө. Шамалдын ылдамдыгы саатына 175 чакырым болуп жатат деп жазат Би-Би-Си маалымат кызматы.

Майаминин финансылык району Брикеллди каптаган суунун деңгээли 60 сантиметрге жетип калды. Көптөгөн көчөлөр дарыяга айланып кетти деп билдиришет жергиликтүү тургундар маалымат каражаттарына. Миллиондогон турак үйлөр электр жарыгысыз калган. Штаттын бийлиги 6,3 миллион жашоочуга жашаган аймактарын таштап коопсуз жайларга эвакуациялануу боюнча эскертүү берген. Бул шаар жашоочуларынын төрттөн бир бөлүгүн гана түзөт.

Буга чейин "Ирма" бороону алып келген кыйроолор Кариб бассейнинде орун алып, 27 адам каза тапканы маалыматтарда айтылган. Флориданын түштүк райондорунда, Ки-Уэст аралындагы курортто катуу шамал болуп, суунун ташкынын пайда кылууда. Деңиздеги толкундун бийиктиги 4 жарым метрден жогору көтөрүлүүдө. Курорттун бардык жашоочуларына аймакты таштап көчүү талабы коюлган.

Ураган акырындык менен түндүк тарапка жылып келе жатат. 100 миңдеген адамдар атайын коопсуз жайларга баш калкалашууда. Өзгөчө коркунуч Тампа жана Сент-Питерсберг шаарларында жаралууда. Ал эми 3 миллиондой калк жашаган Тампа-Бэй району 1921-жылдан бери мындай күчтүү бороонду көрүшө элек болчу. Майаминин полициясынын башчысы учурда шаарды 60-90 сантиметр тереңдиктеги суу каптап турганын жана катуу шамалдан электр жарыгысыз калышканын маалымат булактарга кабарлады.

Кырсык адамдарды каптап жаткан учурда айрым маалымат булактары абалдан пайдаланып, көчөнүн жээгиндеги дүкөндөргө мародёрлук кылып жаткан адамдар бар экенин кабарлады. Интернет булактарына жамгырлуу шамалга карабай дүкөндөрдөн бир нерселерди ташып чыгып жаткан адамдардын сүрөт видеолору тарады.






"Ирма" бороону күчөп жатат

"Ирма" бороону Флоридада (10.09.2017)

"Ирма" бороону космостон

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
11.09.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аллах улук!
11.09.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллахым озу сактасын.
11.09.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах сактай кор,ал жактагы жашоочуларды. Арасында биздин жердештер бар.
11.09.2017. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллах озу жетиштуу деген соз бар.
11.09.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
АКШга ушундай эле керек ар кимге асылып эле
11.09.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Aikyn93, менимче именно ошолор асылып Флоридалыктар дуйнону басып албаса керек эле, АКШнын тышкы саясаты эле болбосо ал жерде деле сени менен мендей эле жонокой адамдар жашайт. Президенттин же саясаттын ыплас иштери учун катардагы карапайым калк жооп бербейт.
11.09.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahtyn askerleri talkalap atkan eken
11.09.2017. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Асмандан жана жерден келген кырсыктардан элимди Аллах сактасын. Дуйнодо кандай гана апааттар болуп жатат эртенки кунубуз кандай болот экен деп коркуп жашай турган болуп калдыкго. Динибизди бекем карманып жашасак буйруса бейкутчулукта жашайбыз деп ишенем. Байкасанар ар турдуу апааттар ото ыплас адамдын акылына сыйбаган иштерди жасап жаткан мамлекеттерде болуп жатат. Куноокор адамдардын айынан карапайым калктар да жапа чегип калтат аттин
11.09.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zahira, Кыргызстанда деле жер кочку болду, самолет кулады, жер титирейт, катардагы жаратылыштын катаалдыгы бул. Глобалдык жердин ысышы, айсбергдин ээриши, атмосферанын жукарышы коптогон факторлор бар буга. Кудайдан, карма деген бар туура. Менимче мындай апааттар кобойот сени мн мен куноо кылсак дагы кылбасак дагы.Себеби жер жузундо элдин саны кескин жогорулады 8 млрд завод фабрика, нефтяный бизнес,азык тулук чарбасы баары жаратылышка таасир этет.
11.09.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул нерселерди оздору оздоруно чакырып жатышат.Бир тузук киносу жок коруштон коркосун.Бир карасан каарда тонушат.бир карасан шамалда талкаланышат.бир карасан 6.7баштуу адамдар басып келет.Ниеттерине жараша баардык нерсе.
11.09.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым озу сактасын ушул алааматтан
11.09.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Козу ачык Ванганын айткандары келип жатат.
Ар кандай алааматтан Кудай сактасын!!!
11.09.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маямини бир окмуштуу изилдеп толук суу астында кала турган шаар деп айткан видеосун коргом.Анткени суу жыл сайын оз нугунан жогорулап баратканын айткан.
11.09.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
seni.gana,АКШ келечекте жок болот, алардын ыймансыздыгы же Обама де Трамп орустарга каршы болгону же мусулмандарга каршы согушканы учун эмес, гейлер же куноолуулор кобойгону учун эмес бул жаратылыш жеткен чекте булганып,аба ырайы кескин озгоруусунон улам суу басып калат,Австралия, Филиппины,Шри-Ланка, Индонезия аралдары дагы ошол сапка кирет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: