Жогорку Кеңештин агрардык комитетинде 3 депутаттын катышуусунда жыйын өттү
Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин агрардык комитетинде 3 депутаттын катышуусунда жыйын өттү. Комитетте жалпы 9 депутат. Ал эми жыйынга Дастанбек Жумабеков, Алмасбек Акматов, Абылкайыр Узакбаев катышты. Кворум болуу үчүн комитеттин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышуусу керек. Жыйында 6 маселе каралды. Анын төртөө макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоору, бирөөсү депутат Дастанбек Жумабековдун төө буурчак маселеси боюнча өкмөткө тапшырма берүүсү, ошондой эле мурда советтик, партиялык кызматтарда иштеген, азыр эс алууда жүргөн Ош облусунун тургуну Аман Момуновду Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлоо маселелери каралды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

