super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандык хирург Орусиянын ыраазычылыгына татыды

 

Жакында Москва шаарында “Инновациялык медициналык технологиялар” аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү. Ага Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынын бет-жаак бөлүмүнүн башчысынын орун басары Абдрахман Ешиев катышып, бет-жаак хирургиясынын инновациялык ыкмалары, технологиясы жана материалдар тууралуу доклад жасады. Ешиев өз докладында айткан технологиялар учурда Ош жана Жалал-Абад облустарынын дарыгерлери тарабынан колдонулуп, өз жыйынтыктарын берип келет. Конференцияда кыргызстандык хирургдун ойлоп тапкычтыгын жана өз ишине берилгендигин баалап, москвалык кесиптештери ага Нобель атындагы медаль жана сыйлоо күбөлүгүн тапшырышты. Белгилей кетсек, А.Нобель атындагы медаль орусиялык Табият таануу академиясынын президиуму тарабынан бекитилип, ойлоп табуучулукту өнүктүрүүгө салым кошкон адистерге жана илимпоздорго берилет.

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: