super.kg logo

Дарыларын атайын бейтаптарга жазып бергендиги үчүн фармацевттик компаниялар дарыгерлерге белек берип турган

 

Кыргызстанда иш алып барган 39 чет элдик фармацевттик компания мыйзамга каршы иш жүргүзүп келгендигин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жана Бишкек шаарында фармацевттик компаниялар, өндүргөн дарыларын бейтаптарга жазып бергендиги үчүн дарыгерлерге каражат жана ар кандай белектерди берип турушкан. Учурда ал компаниялардын аталыштары жарыяланбай тургандыгы белгилүү болду. Эгерде кайра текшерүү жүргөндө дагы ушундай көрүнүштөр кайталана турган болсо, анда ал компаниялардын аттары жарыяланат. Дарыгерлер сатылган дарылардын 10-26 пайызын алып, “Народный” дүкөндөрүнөн соода кылууга дисконттук карталарды, муздаткыч, компьютер сыяктуу техникаларды жана бекер май куюуга, унааларын бекер жуудурууга мүмкүнчүлүк алып турушкан. Ошондой эле аларга Ысык-Көлдө бекер эс алуу мүмкүнчүлүгү дагы түзүлгөн. Маалыматка ылайык, 94 медициналык кызматкерден 412 аныкталбаган бланк алынган. Бул факты боюнча 5 дарыгерге сөгүш жарыяланып, 52 дарыгер эскертүү алышкан. 11 медицина кызматкерлерине айлык акыларына кошула турган кошумча акча төлөнбөй турган болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги фармацевттик компанияларга эгерде бул көрүнүш кайталана турган болсо, лицензиясынан ажыратыла тургандыгы жөнүндө эскертүү берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
24.05.2013. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол учун боюнда болсо деле бир эле частный клиникаларга жонотот имменно ошолордуку отот витаминдерди врачтардын озунон аласын
24.05.2013. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заманын кургур...((((((((((((((((((
24.05.2013. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооруганда деле корко турган даражага жетиппиз да..
25.05.2013. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
андай акмактарды даарыгер дебей чайкоочу же аттарчи деп аташ керек
25.05.2013. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар врач эмес бизнесмендер
25.05.2013. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазып берген даарынын рецебин алып туруп , башка дарылар менен салыштырып коруш керек , айрыкча кымбат даарылардын рецебин коп жазышат врачтар!
25.05.2013. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эскертуу бербей эле фарм.компанияларды жарыялаш керек болчу, эми алар кайра оз билгендерин кылышат да
25.05.2013. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ibo, tura aitasyn. A4yk ele jary9law kerek bol4u. Je ooz mailawtyby?
25.05.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айтпаса деле ушундай да врачтардын оздорунун аптекалары болот ошого жонотот башка жердеги болбойт десе карапайым эл айласыз барат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: