Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG'нин түз эфиринде "тамашоучу" Эмил Эсеналиев конокто болот

Бүгүн саат 15:00дө SUPER.KG'нин түз эфиринде "тамашоучу", актёр жана соңку кездерде вайнер катары өзүн сынап жүргөн Эмил Эсеналиев конокто болот. Эмил Эсеналиевдин тамашалуу видеолоруна пайдаланып келе жаткан "дэң-дэң-дэң" дегени учурда жаштардын лексиконунда колдонулуп жүрөт. Шайыр жигиттин чыгармачылыгы, жеке жашоосу же социалдык тармактагы видеолору тууралуу кызыккан суроолоруңуз болсо узатсаңыз, түз эфирден актёрдун өзүнөн жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Жөнөтүлгөн суроолордун арасынан оригиналдуу, кызыктуу делген суроонун ээсине белек ыйгарылат.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолор +996 557 75 63 63 WhatsApp номери аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.
кошулду
13-сентябрда саат 15:00дө SUPER.KG'нин түз эфиринде "тамашоучу" Эмил Эсеналиев конокто болот

Ийгилик,уй-булоолук бакыт.
Интернет айылда кенен эмес,туз эфирде каалоо тилектеримди жеткирип койгулааа,урматтуу Супер инфо
Менин Кара Балтадагы сиңдимдин тоюнда Эрмек Нурбаевди тамадалыкка чакырса, ал бошобой калып, ушул Эмил менен Саматты жиберип коюптур...Эми тамада болушканы...аман эле болсун! Жаргондор менен сүйлөшүп.
Эки кудагый бири биринин бетинен өөп жатса, "чмоки-чмоки" кылып койгула деп, бири-бирине шакек белек кылып жатышса, "эмитен эсептеше башташты" дейт!
Жашы улуу аксакалдар, апалар отурса, айткан тамашалары "нике түн!"
Абышка-кемпир,президенттерди туурагандарды коруп,жашай бербей,жаны тамашалар керек.
Кинолору да кызыктуу(арак ичкен,айылдын бир жашоосун тарткан кинолордон тажаганбыз)
Ошого иштериндеги каталарды,уят лексикондорду алып койсо,калганы жакшы эле.
Жаш болгондон кийин катачылык болот,бирок аны ондоп-тузо