super.kg logo

Нарын. Башталгыч класстын окуучулары арасында “Мини Мисс-2013” сынагы болду

 
"Мини Мисс-2013" сынагынын катышуучулары
Бий өнөрүн тартуулоо тапшырмасы
Улуттук кийимдерди көрсөтүү тапшырмасы
"Эне жөнүндө баллада". Көркөм окуу тапшырмасы
Кезектеги катышуучу бий өнөрүн көрсөтүүдө
Кезектеги катышуучу бий өнөрүн көрсөтүүдө
"Эне жөнүндө баллада". Көркөм окуу тапшырмасы
"Апам экөөбүздүн фантазиябыз" тапшырмасына даярдалган көйнөктөр көргөзмөсү. Кийимдер картадан, кагаздан жана башкалардан жасалган
"Апам экөөбүздүн фантазиябыз" тапшырмасына даярдалган көйнөктөр көргөзмөсү
"Апам экөөбүздүн фантазиябыз" тапшырмасына даярдалган көйнөктөр көргөзмөсү
Кийимге топчу кадоо тапшырмасы
"Апам экөөбүздүн фантазиябыз" тапшырмасы

23-майда Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев атындагы орто мектепте башталгыч класстын окуучулары арасында “Мини Мисс-2013” сынагы болуп өттү. "Энелер күнүнө" карата уюштурулган сынактын тапшырмалары окуучу кыздардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша берилди.

“Кароо-сынакты өткөрүүнүн максаты - кыздарды кичинесинен эмгекке тартуу жана апалардын ар бир эмгегин баалоого үйрөтүү болуп саналат. Ошондой эле кыз балага тиешелүү болгон тазалык, жоопкерчиликтүүлүк, тыкандык сыяктуу сапаттарды сынактын алкагында түшүндүрүүнү да максат кылдык”,- деп билдирди аталган мектептин мугалими Астра Асанкожоева. Жыйынтыгында баш байгени 3-класстын окуучусу Чолпонбек кызы Мээрим жеңип, “Мини Мисс-2013” аталды. Биринчи орунду 2-класстын окуучусу Алтынбек кызы Баяна, экинчи орунду 2-класстын окуучусу Марс кызы Аманда, ал эми үчүнчү орунду 3-класста окуган Тилек кызы Аймаанай жеңип алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: