super.kg logo

Акимдин орун басары: "Бабановдун баннери кайра илинди, териштирүү жүрүүдө"

 

Кочкор районунун акиминин орун басары Нурлан Керимкулов президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт баннеринин алынышы боюнча 11-сентябрда SUPER.KG порталына комментарий берди. Жергиликтүү чиновник баннерди чечтирүүгө акимчиликтин такыр тиешеси жоктугун айтат.

"Аким эч кандай көрсөтмө берген эмес, бул айыл өкмөттүн өзүнүн иши. Биздин милдет шайлоону таза уюштуруп берүү, мындай иштерге кийлигишпейбиз. Айыл өкмөттүн башчысы менен сүйлөштүм, жарнама тактайы айыл өкмөттүн балансында экен. Эч кандай келишим түзбөстөн илип алганы үчүн кечээ баннерди алып салышкан. Кайра кечээ кечинде Бабановдун тарапташтары аны илди, азыр илинип турат. Териштирүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгын күтөлү", - деди Керимкулов.

Аталган үгүт баннери Кочкор айыл өкмөтүнүн аймагына илинген.

Белгилей кетсек, 10-сентябрда интернетке Бабановдун сүрөтү илинген баннерди бирөөлөр чечип жатканы тартылган видеотасма тараган. Аны чечип жаткандар баннерди алып салуу боюнча акимден жана айыл өкмөттөн буйрук берилгенин айтышкан эле.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Үгүт кампаниясына 10-сентябрда расмий старт берилди.






Кочкордо Бабановдун баннерин алып салышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(7)
11.09.2017. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Суротун илсе эмне болуп кетет эле эл учун иштеп ар дайым эл алдында эл менен болсо суротун илбеседа таанып аны шайлайт.
11.09.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Jok degende babanov jakshi chigaar, huje nekuda emi, umut uzboi babanovton jakshi nerseni kuttup turali emi tuugandar.....
11.09.2017. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчиси тыкан илинген. Казыр начар болуп калыптыр ,не аккуратно. Бабанов,алга.
11.09.2017. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвада туруп шайласак болот бекен билгендер болсо айтып койгулачы
11.09.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бабановго ишенбейм негизиле эчкимисине ишенбейм бирок Айла жок жээнбековго добуш бермекмин
11.09.2017. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин ойумча:ким шайлоо алды коп нерсени обещайтетсе,ал адам эчтекени кыйратпайт деп ойлойм.
Себеби соз бар экен:адам шайлоо алдында анан согушта алдагандай,башка учурда алдабайт деп.Ушул создорго ишенем.
11.09.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ошул кылган учун Бабановту шайлайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: