Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык ишканаларына атайын техникаларды берди
Бүгүн, 24-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында Азия өнүктүрүү банкынын “Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Чолпон-Ата шаарынын муниципалдык ишканаларына атайын техникаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 127 миң 600 долларлык кран, 299 миң 800 долларлык таштанды чыгаруучу 2 унаа жана 1 миллион 200 миң сомдук таштанды салуучу 120 урналарды берди. Ошондой эле өкмөт башчы аталган долбоордун алкагында 120 миллиондон ашык каражатка Балыкчы, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында суу буруучу жана тазалоочу курулуштар тургузуларын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















