super.kg logo

Парламентте 1 жылдык үзгүлтүксүз стажы бар, бирок убактылуу жумушсуз жарандарга жөлөк пул төлөөгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды

 

Бүгүн, 11-сентябрда парламенттин тийиштүү комитетинде 1 жылдык үзгүлтүксүз стажы бар, бирок убактылуу жумушсуздарга жөлөк пул төлөп берүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды.

Жөлөк пул жаранга аны расмий “жумушсуз” деп каттаган датадан тартып 11-күндөн баштап чектелет. Жөлөк пул иш стажына карата ай сайын 3 жылдан кем эмес убакыт төлөнөт.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Наталья Никитенко азыркы мезгилде жумуш берүүчүлөр кызматкерлерди каттабай жатканын айтып, андай учурда кандай боло турганын сурады.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова бул мыйзам долбоор көмүскө экономиканы жарыкка чыгарууга багытталганын айтты. Жумушчуларды каттоо боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы көзөмөлгө алуусу керек экенин кошумчалады ал.

Наталья Никитенко жумуш берүүчүлөр кызматкерлерди каттоого милдеттендирген жобону эске алуу керек экендигине токтолду. Ошондой эле ал редакциялык каталарга жол берилип калгандыгын айтып, оңдоп чыгуу зарылчылыктарын белгиледи. Зууракан Каденова депутаттын айткандары эске алына турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.09.2017. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
түшүнбөдүм мен номериңерди жазсаңар ХХХХ?!мисалы канча сом кай жерден кантип алат андай жөлөк пулду!!!?
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-09-12 09:52:54
12.09.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай сайын 3 жылдан кем эмес деген жерине тушунбодум. Мисалы жолок пул ай сайын берилет. 3 жыл берилет экен да ошондо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: