super.kg logo

Америкалык ырчы Леди Гага музыка чөйрөсүнөн убактылуу алыстай турганын жарыялады

 
Леди Гага жана анын образдары

Америкалык ырчы Леди Гага Канаданын Торонто шаарында өзү тууралуу тартылган "Леди Гага: Бою 1,5 метр" деген аталыштагы даректүү фильмдин бет ачарын өткөрүп, андан соң журналисттердин суроолоруна жооп берген.

Анын жүрүшүндө ушул жылдын август айынан декабрга чейин гастролдук турне менен АКШны кыдыра турганын, андан соң музыка чөйрөсүнөн убактылуу алыстай турганын билдирген. Мунун себеби катары ден соолугуна кам көрүү керектигин, ошентсе да таптакыр бекер жатпастан жаңы чыгармалардын үстүнөн иштей турганын айткан.

Бирок күйөрмандары ырчынын мындай чечимине бир чети таң калышканын, экинчиден кооптонуп жатышканын жашырышкан эмес. Алардын айрымдары "Леди Гагасыз шоу-бизнес? Кантип?" деген билдирүүлөрдү калтырышкан.

Белгилей кетсек, Леди Гага "Love game", "Paparazzi" жана башка ырлары жана көпчүлүктү таң калтырган образдары менен белгилүү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: