super.kg logo

Бейонсени эмне үчүн жакшы көрүшөт?

 

Сентябрь айынын башында Копенгаген университети америкалык ырчы Бейонсеге арналган окутуу ийриминин ачылганын жарыялаган. Мунун себеби катары Бейонсенин учурдун эң башкы поп-ырчыларынан экенин жана анын ырлары заманбап жашоону түшүнүүгө жардам берерин айткан. Мындан улам "Медуза" интернет басылмасы ырчыны көпчүлүк эмне үчүн жакшы көрөрүн жазып чыкты.

Бейонсе жарандык көз карашка ээ

Ырчы кара терилүү айымдардын укугун коргоого жана өлкөдөгү саясий абалга байкоо салып, ага өз пикирин билдирүүгө бел байлап келет. Анын көз карашын аткарган ырларынан да байкоого болот. Тактап айтканда, мындай багыттагы чыгармаларын 2011-жылы чыккан "Run the World" аталышындагы ырынан тарта акыркы жолу чыккан "Lemonade" ыр жыйнагынан да тапса болот.

Бейонсе 2009-2016-жылдары АКШнын ошол кездеги президенти Барак Обаманы колдоп келген жана анын инаугурациясында Обама жана жубайы Мишелге арнап "At Last" чыгармасын аткарган. Ал эми 2016-жылдагы президенттик шайлоодо Хиллари Клинтонду колдоп, күйөрмандарын шайлоого катышууга үндөгөн.

Сырларын айтуудан тартынбайт

2016-жылдын апрель айында ырчынын "Lemonade" аталышындагы ыр жыйнагы жана ушундай эле аталыштагы фильми жарык көргөн. Аталган альбомдо бир кезде жолдошу Жей Зинин көзүнө чөп салганын жана апасын башкага алмаштырган атасы менен болгон мамилеси тууралуу маалыматтар камтылган. Ал эми 2017-жылы 600 беттен турган фотокитеп чыгарып, ага үй-бүлөлүк архивдеги кызыктуу сүрөттөрдү жарыялаган.

Жолдошу Жей Зи менен

Кайрымдуулук иштери менен алектенет

2013-жылы дүйнө элине жардам берүүчү "BeyGOOD" аталышындагы фонд ачкан. Ал катуу бороондон жабыркагандарга жардам көрсөтүп, Африкага суу, азык-түлүк ташып, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн кыздарына билим алуу үчүн шарт түзүп берет. Ушул жылдын август айында болгон "Харви" бороонунан улам ырчынын кичи мекени Хьюстонду суу каптап, жергиликтүү калк жабыр тарткан. Мындан улам 8-сентябрь күнү Бейонсе апасы Тина Ноулз жана кызы Блу Айви менен биргеликте аталган аймакка тамак-аш таратып, аларга колунан келген жардамын берүүгө убада берип келген.

Социалдык тармактын ханышасы
Башка дүйнөлүк ырчылардан айырмаланып Бейонсенин социалдык тармактагы аккаунту жөн гана сүрөт жүктөө үчүн эмес. Ал күнүмдүк жашоосун, кызы менен сейилдөөсүн жана жаңы жылды кантип белгилегенине чейин ачык айтып турат. Ошондой эле эгиз наристе күтүп жатканын айтып жарыялаган фотосу 1 сутканын ичинде 7 миллиондон ашуун "жакты" белгисин алган.
Бейонсени баары жакшы көрөт
4-сентябрда ырчы 36 жашка толду. Анын жакындары, алардын катарында АКШнын экс-канайымы Мишель Обама жана теннисчи Серена Уильямс Бейонсенин "Formation" клибиндеги кара шляпа жана 2 өрүм чач менен турган образын туурап, туулган күнүн куттукташкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
12.09.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
men jakwy korboim go
12.09.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Syn4y,мен дагы
12.09.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жыланач кызды ким жакшы корсун. Бардык суротторундо жарым жыланач го, анан дагы куйоосунун козуно чоп салса
12.09.2017. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechirmeni,Озуно окшогондор жакшы корот болсо керек да.Ушуга окшгондор айтыштго зато журогум таза деп жыланач журуп алышып
12.09.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bars88, бир фотосун 7млн жактырган))) бул бутундой бир олко Кыргызстан ошондо дагы 1млн ашыкчасы мн. Менимче Мадумаров мн Чубак ажы деле мынча добуш топтой албайт целый 6 млн. Кайсыдыр бир бурчта белгисиз бир адамдарга жакпашы Бейонсенин ойуна эмес он жолу уктаса дагы тушуно да кирбесе керек. 12млн фанаты кунсайын колдоп турса)))
12.09.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мунун ырларын бирин калтырбай угам
13.09.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дива года...сингл леди...хайло..эгиз боюнда барда бизче жараттуучу эне деп оскарда ырдаган.Уважуха дейт беле сыйга татыктуу ырчы.
13.09.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буну денесинин тузулушундо аябай чоон имарат бар.бейонсе деген
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: