super.kg logo
  Спорт  

Топ-Лига 2017: "Алай" 2-жолу жеңилүү ызасын тартты, "Абдыш-Ата" "Дордойду" 3:1 эсеби менен жеңип алды

 

9-10-сентябрь аралыгында футбол боюнча Өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын 16-турдук оюндары өттү. Футбол лигасы кабарлагандай, анда “Алга” - "Нефтчи", "Кара-Балта" - "Алай” жана “Абдыш-Ата” - “Дордой” беттештери орун алды.

“Алга” - "Нефтчи" - 1:1

16-турдун алкагында бишкектик "Алга" командасы "Нефтчи" командасын кабыл алды. Беттеш 1:1 эсеби менен аяктады. 30-мүнөттө "Алганын" оюнчусу Эрзат Токтоалиев пенальтини мыкты аткарып эсеп санын ачты. Ага "Нефтчи" Алишер Тухтасиновдун голу менен жооп берди.

Бул жыйынтык менен "Нефтчи" 16 упайга ээ болуп турнирдик жадыбалда 4-орунда келе жатат. Ал эми "Алга" командасы 14 упай менен 5-орунда.

"Алга" (Бишкек) – "Нефтчи" (Кочкор-Ата) 1:1

Голдор: Эрзат Токтоалиев 30-мүнөттө (пенальтиден), Алишер Тухтасинов 82-мүнөттө.

"Кара-Балта" - "Алай”

Кара-Балта шаарында жергиликтүү команда өз талаасында Оштун "Алай" командасын кабыл алды. Эсеп саны 1-таймдын аягында ачылган, анда Вадим Ни Станислав Геращенконун чыгарып берүүсүн таамай сокку менен жыйынтыктаган. Ага "Алай" командасы 2-таймдын башында Одилжон Абдурахмановдун голу менен жооп кайтарган. Талаа ээлери тез чабуулдарды жасап алдыга чыкканга аракет кылып, 2 гол киргизгенге үлгүргөн. 50-мүнөттө Назар Исаков эсепти 2:1 кылса, 71-мүнөттө Станислав Геращенко эсепти 3:1 кылып оюнга чекит койгон.

Бул жыйынтык менен "Алай" командасы бул сезондо 2-жолу жеңилүү ызасын тартып жатса, "Кара-Балта" командасы 3-жолу жеңишти майрамдап жатат. 16-турдун жыйынтыгында турнирдик жадыбалда "Алай" командасы 37 упай менен 1-орунда. Ал эми "Кара-Балта" командасы 6-орунду ээлеп келет.

"Кара-Балта" (Кара-Балта) – "Алай" (Ош) 3:1

Голдор: Вадим Ни 45+1-мүнөттө, Назар Исаков 67-мүнөттө, Станислав Геращенко 71-мүнөттө, Одилжон Абдурахманов 50-мүнөттө.

"Абдыш-Ата" - "Дордой"

Кант шаарында жергиликтүү "Абдыш-Ата" командасы "Дордой" менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңип алды. "Абдыш-Ата" командасы 6-мүнөттө Иван Филатовдун аракети менен эсеп санын ачкан. 2-таймдын башында алмашууга чыккан Владимир Казакбаев эсеп санын 2:0 кылганга үлгүрдү. Буга "Дордой" командасы 58-мүнөттө Азиз Сыдыковдун голу аркылуу жооп кайтарганы менен, эсепти теңей алган жок. 83-мүнөттө Алерива Олувасен эсепти 3:1 кылып бул беттешке чекит койду.

Бул жыйынтык менен "Абдыш-Ата" командасы 28 упай менен 2-орунда болсо, "Дордой" командасы 22 упай менен 3-орунда.

"Абдыш-Ата" (Кант) – "Дордой" (Бишкек) 3:1

Голдор: Иван Филатов 6-мүнөттө, Владимир Казакбаев 54-мүнөттө, Алерива Олувасен 83-мүнөттө, Азиз Сыдыков 58-мүнөттө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.09.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алайдын упайлары коп кууп жетууго 0%
12.09.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алай 2-составды чыгарганго. Супер.кж, жалпы жадыбал (Турнирдик таблица) кана? Толлук чыгарсаңар.
12.09.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FIFA17, саламатсызбы! Өтүнүчүңүз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
12.09.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо да чампалабай башка олколорду карасан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: