super.kg logo

Айдоочуларга 1 миллион сомго чейин айып салууну караган мыйзам сунушталды

 

Кыргызда жол эрежесин бузган айдоочуларга айыптын суммасын 1 миллион сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Депутат Дастан Бекешев демилгелеген мыйзам долбоору Жогорку Кеӊештин кароосуна киргизилгени белгилүү болду. Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилгени жатат.

Бекешевдин айтканына таянсак, долбоорду даярдоого автокырсыктан кийин тараптардын элдешип алып, күнөөлүү айдоочулардын жазасыз калып жатканы себеп болду. Мыйзам күчүнө кирсе айдоочулардын жоопкерчилиги күчөйт деген пикирде.

Долбоордун түшүндүрмөсүндө: "Мыйзам долбоору жол кырсыктарын кыскартуу, адамдын өлүмүнө алып келген жол-кырсыктарда тараптардын элдешүүгө келүү учурларын жоюу, ошондой эле судьялар тарабынан жазык жазасын дайындоодо коррупцияны жок кылуу максатында иштелип чыкты. Адамдын өлүмү маңызы боюнча адамды этиятсыз өлтүрүү болуп саналат. Бирок айыпкер жана анын туугандары жарашуу укугун пайдаланып, өлгөн адамдын туугандарын сатып алууга келишет. Көп учурларда туугандары макул болууга мажбур, ал айыпкерди жазалануудан алып калат. Адам өлүмү кырсык болуп калып, анын натыйжасында айыпкер жаза албастан автоунаа башкарууну улантып жатат", - деп айтылат.

Жарандын ден соолугуна өтө оор эмес зыян келтирген айдоочуга 100 миӊ сом айып салуу же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу нормасы каралып жатат. Ал эми адам өлүмүнө жеткирген автокырсыкка күнөөлүү айдоочуну 5-7 жылга эркинен ажыратуу же 3 жылга унаа башкаруу укугун алып коюу чарасы сунушталат. Тийиштүү документи жок жана мас абалында унаа айдап, бир же бир нече адамдын өлүмүнө күнөөлүү болгон айдоочуга 1 миллион сом айып салуу, буга кошумча 5 жылга эркинен ажыратуу жазасы сунушталып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(45)
12.09.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
1 миллон сомду карапайым адамдар көтөрө албай тескерисинче каррупция күчөй го анда
12.09.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
bir jolu bizdi ewek minip ele jurgulo dep aytyp koyboysunarby.bul gailer bizdi jeyt kalp ereje buzdun kylyp
12.09.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
owondo bawtalat meni suzup aldyn degen jalgan kunoolor azyr ele mawinanyn tubuno jata kalyp suzdun akcha ber degender kancha oylonup miyzam jazsanar bolo .miyzam degen ten salmaktuu boluw kerek
12.09.2017. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
silerdin go akchanar bar biz beybecharalar emne kilabyz
12.09.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кемпайдын иши бул тергоочу менен сотко чоооон жол ачып бересин коррупцияга
12.09.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
мындан башка нерселерди чечкилечи
12.09.2017. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
1миллиону жок кокус кырсык болуп калса кайдан алат,силерго элдин акысын жеп запасынарда акчанар бар.
12.09.2017. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bir cheti tuura emes , bir cheti tuura , myndai myizamga karshy bolgobdor da koldogondor da bar
12.09.2017. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эхх элден акча алуунун закондорун эле ойлоп табышчу болду. Кырсык каш кабактын ортосунда. Андан коро жолдорго камера койгула коп жерге, депутаттар 1 миллиондон акча чыгарсанар Кыргызстандын жолдоруна жетет.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: