super.kg logo

Мигранттар которгон акча 7 ай ичинде 1 миллиард доллардан ашты. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 300 миллион долларга көп

 

Эмгек мигранттары сыртта жүрүп өлкөгө которгон акчасынын суммасы 2017-жылдын 7 айында 1 миллиард 319,2 миллион долларды түздү. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирди.

Өткөн 2016-жылдын январь айынан баштап июнь айына чейин мигранттар которгон каражат 1 миллиард 35,6 миллион долларды түзгөн. Быйылкы которулган акча каражаттары былтыркы жылга салыштырмалуу 300 миллионго өскөн десек болот.

Ошондой эле маалыматта Орусиядагы мигранттар 1 миллиард 295 миллион доллар, жакынкы Казакстандагылар 2,4 миллион доллар которгондугу айтылат. Жалпы сумманын калган бөлүгүн алыскы чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештер которушкан.

Белгилей кетсек, такталбаган маалыматтарда сыртта иштеп жүргөн мигранттардын саны 1-1,5 миллионду түзөт. Анын ичинен Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргыз мигранттардын расмий саны учурда 600 миңдей. Ал эми расмий эмес сан мындан да көп. Мигранттар өлкөгө которгон акча каражаттарынын ролу абдан маанилүү. Анткени мамлекеттин ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн мына ушул чет өлкөдөн мигранттар которгон каражат түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.09.2017. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол акчаны табуу, ар бир мигрант учун кандай кыйынчылык экенин биздин бийликтегилер билеби экен аттин ай.
13.09.2017. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: