super.kg logo

Бириккен улуттар уюму Мьянмадагы мусулмандарга каршы аскердик операцияны этникалык тазалоо деп атады

 

Мьянманын өкмөтүнүн рохинджа калкына карата жүргүзүп жаткан аскердик операциясы этникалык тазалоонун классикалык мисалы экенин Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хуссейн айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Мьянма адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу изилдөө жүргүзүү үчүн шарт түзүп бербей жаткандыктан ал жердеги абалды толук баалоо мүмкүн эмес. Бирок бул этникалык тазалоонун мисалындай көрүнүп жатат. Мьянманын өкмөтүн ырайымсыз аскердик операцияны, рохинджа мусулмандарына карата дискриминацияны токтотууга чакырам", - деген ал БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин 36-сессиясынын ачылышында.

Маалыматка караганда, Зейд Раад аль-Хуссейн Мьянманын өкмөтүнөн кагылышуу болуп жаткан Ракхайн штатына БУУнун өкүлдөрүнүн кирүүсүнө уруксат берүүсүн суранган. Мьянма рохинджа калкынын кордук көрүүсүнө элдин өзүн күнөөлөп, бул аракети менен эл аралык репутациясына зыян келтирип жатканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
12.09.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ООНуна да БУУна да меники,эгерде мусулмандардын атын жамынган карышкыр башкаларга кол салса эбак дүрбөлөң кылмаксын аттуу,акыретте жооп бересиңер.
12.09.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Санкция киргизиш керек! Айткандан пайда жок!
12.09.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир мусулман торт беш адамды олтуруп койсо ал террорист а дуйнодо бул мьянмиден башка да канча мусулмандар кырылып жатат муну ушу кунго чейин эч Ким айтып чыгалек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: