Бишкек шаарынын 43 мектебинде 10-июндан тартып мектеп лагерлери иштей баштайт
10-июндан 5-июлга чейин Бишкек шаарынын 43 мектебинде мектеп лагерлери иштей баштаарын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул лагерлерде аз камсыз болгон, социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн 8 жаштан 15 жашка чейинки 2950 бала эс алышат. Балдар менен 400 педагогикалык кызматкер иш алып барат. Мектеп лагерлеринин иштөө мезгилинде балдар театрларда, музейлерде, концерттерде, сейил бактарында, бассейндерде болушат. Ошондой эле спорттук иш-чаралар, сүрөт тартуу боюнча сынактар уюштурулат. Балдарга 3 маал тамак берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

