super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун жубайлары алар менен жолугуша албай жатканын айтышууда

 
Сүрөт Текебаев менен Чотоновдун соттук ишинин биринчи инстанциясында тартылган.

Абакта жаткан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун жубайлары алар менен жолугуша албай жатышканын айтышты. Жолугушууга макулдук алуу үчүн Айгүл Текебаева Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцовага, Чынара Чотонова ишти карап жаткан соттук коллегиянын төрагасы Адис Момуналиевге кайрылган.

Чынара Чотонованын айтымында, акыркы жумадан бери алардын арызына жооп боло элек. "Мен ишти карап жаткан соттук коллегиянын төрагасына, Айгүл Текебаева шаардык соттун төрайымына кайрылган. Тилекке каршы, жолугушууга макулдук берилбей жатат. Ирина Воронцова убактысы жок экендигин айтып, арызды кароону дүйшөмбүгө жылдырган, бирок жооп жок. Булар уруксат бергенде гана алар камалып жаткан абак жайына кирип жолугуша алабыз", - деди Чотонова.

Ал эми Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева "сот Момуналиев "уруксат бердим" деп кол коюп, канцелярияга өткөрүп бергем деди. Канцелярияга барсак шаардык соттун төрайымы Воронцова мөөр басмайынча уруксат бере албайбыз деди. Балдарыбыз окууга кетмек. Бир айда эки жолу жолугууга уруксат берилиши керек болчу. Бирок көптөн бери "жок" же "ооба" деп жооп кылыша элек", - деп билдирди SUPER.KG порталына.

Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароону улантууда.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.




кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.09.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сагынса керек куса болуп жататко
12.09.2017. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр кылып тургула эми.уруксат берип калат.
13.09.2017. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми чыкса марадер менен жуктун ээсин табат.
13.09.2017. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Azatbek83,таба албайт.тапканда табат эле 25 жылдан бери.2 революция кылып эмнени кыйратты.ошол жакта отурганы жакшы.авторитети көтөрүлөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: