МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! Жакут Сыдыков "Өкүл ата" ырынын клибине өзүнүн өкүл баласы менен тартылганын айтат









Бүгүн, 12-сентябрда "Медиа-портал" бөлүмү ырчылар Жакут Сыдыков жана Нурбек Токбаевдин "Өкүл ата" ырынын клиби менен толукталды. Ырдын обонун, сөзүн жазган Жакут Сыдыков клипке сценарий жазуу кыйын болгонун айтып, төмөндөгүлөргө токтолду.
"Клипти март айында эле тартып баштайын дегенбиз. Түзүлгөн сценарийлер купулга толбой жатып көп убакыт өткөндөн кийин тартылды. Видеону тартып жатып сценарий түздүк. Андагы окуя чыныгы жашоодон алынган десем болот. Себеби Нурбек менин өкүл балам болот. Жашоодо дагы клиптегидей элпек, кичи пейил бала. Тартуу иштери Бишкектеги кичи райондордо өттү".
"Өкүл ата" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.