super.kg logo

Бакыт Төрөбаев: “Келишим боюнча мен Президенттикке бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлмөкмүн”

 

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бакыт Төрөбаевдин штабынын, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Журт Мекенчил” жана “Бүтүн Кыргызстан” үч саясий партиясынын биригүүсү болбой калганы жөнүндө пресс-релизи.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына талапкер Бакыт Төрөбаевдин штабы “Кайра Жаралуу” саясий биригүүгө кирген Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков жөнүндө пресс-релиз таркатты.

Пресс-релизде төмөндөгүдөй айтылат: “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңеши 2017-жылдын 11-сентябрь күнү “Ата Журт Мекенчил” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары менен боло турган биригүүнү жана бирдиктүү талапкерди көрсөтүүнү талкуулап, 06.08.2017 кабыл алган үч партияны бириктирүү жөнүндө Келишимди токтотууга бир добуштан чечим кабыл алды”.

“Мен саясатчыларды биримдикке чакырууга жана жаңы саясий күчтү курууга болгон аракетимди жумшадым, тилекке каршы, кээ бир менин тарапташтарым жеке амбицияларын жеңе алышкан жок. Азыркы учурда мен ачык эле айта алам, 2017-жылдын 6-август күнү “Ата Журт Мекенчил” жана “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын лидерлери менен бирге кол коюлган биздин Келишимибиз боюнча, мен үч саясий партиянын атынан Кыргыз Республикасынын Президенттигине бирдиктүү талапкер катары көрсөтүлмөкмүн. Эгерде биздин Келишимибиздин эң башкы шарты аткарылбаган болсо, мен ойлойм, анын саясий күчү да жоголот”, - деди Бакыт Төрөбаев.

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. PR-кызматы тарабынан даярдалды. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Рыскулов к. 79 "б". Чыгарылган датасы: 12.09.2017-жыл. Нускасы: 1 даана. Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Төрөбаев Б.Э. Каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Тулеев Б.Б. шайлоо фондунан төлөдү. Келишим №126/17-СR, 6-сентябрда түзүлдү.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: