super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 12-СЕНТЯБРЬ: Эң популярдуу мемдин баш каарманы, бою 2 метрден ашкан Кытай баскетболчусу Яо Мин 37 жашка толду

 

Азиядагы эң белгилүү мурдагы баскетболчу Яо Мин 37 жашка толду. Ал 1980-жылы 12-сентябрда Шанхай шаарында төрөлгөн. Анын ата-энеси профессионал баскетболчу болгондуктан ал үчүн кесип тандоо оорчулук деле туудурган эмес.

Яо Мин кичине кезинен баскетбол менен алек болуп, 16 жашында жергиликтүү "Шанхай Шаркс" командасында ойноп баштаган. Аталган команда менен Улуттук чемпиондукту жеңип алган.

Яо Мин жаш кезинде

2002-жылы Яо Мин Американын Улуттук баскетбол ассоциациясынын (НБА) "Хьюстон Рокетс" клубуна өтүп, ошол жылдын драфтынын (НБАнын 30 клубунун лигага кире турган жаңы баскетболчуларды тандоо тартиби) биринчи номери болду. Мындай ийгиликке буга чейин азиялык спортчулар жетишкен эмес.

Бою 229 сантиметрге жеткен спортчу лигадагы бою эң узун баскетболчу болгон. Алгачкы сезондун жыйынтыгында Яо Миндин командасы 9-орунга ээ болгонуна карабай, ассоциация ага лигадагы мыкты жаңы баскетболчу наамын берген.

Яо Мин дайыма НБА жылдыздарынын беттешине катышчу жана 5 жолу НБАнын символдук курамасына кирген. Тилекке каршы, лигадагы акыркы сезондордо Яо Мин көп жаракат алган учурлар болгондуктан ал 2009-2010-жылкы сезондо оюндарга такыр катышпай калган. Ошондой эле жаракат алганы үчүн Кытай курамасы менен Дүйнө чемпиондугуна барбай калган. Кийинки сезондо бир нече оюнга гана катышып Яо Мин карьерасын жыйынтыктоо чечимин кабыл алган.


Жеке жашоосунда Яо Мин ата-энесинин жолун тандап жубайын профессионалдуу баскетболдон тапкан. Яо Миндин жубайы Е Ли Кытайдын чемпиондугунда ойноп, көп жолу улуттук курамга чакырылган.

Учурда Яо Мин Кытайда жашап, Кытайдын эң белгилүү жана сүйүктүү спортчусу болуп эсептелет. Ал жөнүндө тасма тартылып, анын өмүр баяны окурмандар арасында популярдуу болуп саналат. Учурда ал Кытай чемпиондугунун оюндарында комментатор катары эмгектенет.

Айта кетсек, Яо Миндин келбети интернет чөйрөсүндө эң популярдуу мэмдердин бири.

12-сентябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.09.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушуну Ким экен Деп журот элем ушул экен да а
12.09.2017. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Чоу Юн Фат окшойт депмин мемди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: