Аксы районунда кырсыкка учураган АН-2 учагы боюнча комиссия түзүлдү
Бүгүн, 24-майда Транспорт жана коммуникация министрлигинде Жалал-Абад облусунун Аксы районуна кулап түшкөн АН-2 учагы боюнча атайын комиссия түзүлдү. 16 адамдан турган комиссиянын курамында аталган министрликтин адистери, Жарандык авиация агенттигинин, “Кыргыз аэроновигация” мамлекеттик ишканасынын жана аталган учак таандык “Валор эйр” ишканасынын өкүлдөрү бар. “Учурда иликтөө иштери башталды. Бирок эч кандай божомолдор маалым боло элек”,- деп билдирет министрлик. Эске сала кетсек, бүгүн, 24-майда, эртең менен саат 10дордо Аксы районундагы Жыл-Кол айылында чегирткеге каршы дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жаткан маалда АН-2 учагы кулап түшкөн. Кырсыктан учактагы 3 адам каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Sagy

26.05.2013. 12:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чегиртке козун тазалайбыз деп оздору кете беришти байкуштар. Жаткан жери жайлу болсун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.