super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун сотунда видеоматериалдарды көрүп чыгууга убакыт берилди

 

Бишкек шаардык сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Отурумдун жүрүшүндө Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов күбө катары суралуучу Элмира Ибраимованын учурда сот залында болбогондугуна байланыштуу соттук коллегиядан саат 17:00гө чейин тыныгуу жарыялоону өтүндү.

"Ибраимова 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгондуктан ал негизги күбөлөрдүн бири. Ал 1-инстанцияда көрсөтмө берген. Бирок анын сөзү протоколго тиркелбей калгандыктан кайра суралат. Азыр ал киши өз иштеринен бошобой жаткандыктан саат 17:00гө бул жерге келет. Ал келген учурга чейин тыныгуу жарыялап туруңуз", - деди Хасанов.

Бирок соттук коллегия прокурорлордун каршылыгына таянып, өтүнүчтү четке какты. "Жылдыра албайбыз, биз иштешибиз керек. Текебаев же Чотонов даяр болсо көрсөтмө бере беришсе болот", - деди ишти карап жаткан соттук коллегиянын төрагасы.

Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова бул аракет мыйзамга каршы келерин эскертти. "Соттолуучулар бардык материалдар тергелип бүткөндөн кийин гана көрсөтмө берет. Биз азыр көрсөтмө алууга каршыбыз", - деди Жакупбекова.

Соттук коллегиянын төрагасы жарым саатка тыныгуу жарыялады. Текебаев тыныгуудан кийин сотко 17:00гө чейин видеоматериалдар менен таанышып чыгуу жөнүндө өтүнүч келтирди. "Бизде убакыт бар экен. Ошондуктан бул аралыкта залга экран жайгаштырып видеоматериалдарды карап чыгалы, бизде материалдар көп. Азыр мен көрсөтмө берип койсом, сот өзүнө керектүү жерин алып, калганына маани бербей коёт экен", - деди Текебаев. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: