Парламентте Улуттук банктын төрагалык кызматына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлиги каралып жатат
Бүгүн, 12-сентябрда парламенттин тармактык комитетинде Улуттук банктын төрагалык кызмат ордуна Кубанычбек Кулматовдун талапкерлиги каралып жатат. Анын талапкерлиги президент Алмазбек Атамбаев тарабынан сунушталууда.
Бул боюнча Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин депутаттарына Кулматовдун талапкерлигин президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев тааныштырып жатат. Ал Кулматов Улуттук банктын төрагалыгына коюлган талаптарга жооп берерин айтты.
Эске салсак, буга чейин бул кызматты Толкунбек Абдыгулов аркалап келген. Ал биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалганына байланыштуу кызматтан кеткен. Ал эми Кубаныч Кулматов Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп иштеп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-2

