ЭЛДИК ВИДЕО: Подиумда бут кийимин жоготкон модель
Жижи Хадид


Жижи Хадид

Сиңдиси Белла Хадид менен
“Медиа-порталдын” “Элдик видео” бөлүмүнө “Бут кийимин жоготкон Жижи Хадид” деген аталыштагы видео жүктөлдү. (Ник: Cindеrella)
Видео Нью-Йоркто өткөн мода жумалыгында тартылган. Анда белгилүү дизайнер Анна Суинин жаңы коллекциясы элге тартууланып, подиумда кийимди көрсөтүп жаткан моделдердин бири Жижи Хадид подиумга чыгып баратканда бир бутундагы бут кийими чечилип кеткен. Ага карабастан өз кесибин мыкты билген модель бир бут кийим менен басып кете берген. Андан соң, жалпы моделдер чогуу подиумду айланып баштаганда аны бир тууган сиңдиси Белла Хадид кучактап, Жижи ага таянып өткөн. Бир туугандар эч сыр билдирбестен, күлүп-жайнап шаңдуу маанай менен басышкан.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.