super.kg logo
  Саясат  

Орусия ММКлары: "Путин ноябрда президенттик шайлоого катышарын айтат"

 

Орусиянын ММКлары Кремлде президенттик шайлоого Владимир Путиндин талапкерлигин көрсөтүү стратегиясы даярдалып жатканын жазышты.

"Коммерсантъ" жазган маалыматка таянсак, Путиндин талапкерлигин көрсөтүү темасы Кремлде өткөн аптада жабык талкууланды. Анын талапкерлигин көрсөтүү 2 этап менен өтөрү, шайлоого катышуу ниетин Орусия лидери ушул жылдын ноябрында ачыктай турганы айтылат маалыматта. Басылма президенттик администрациядагы жеке булактарга таянып, "Путин кийинки шайлоого катышарын түз эфир сыяктуу форматта, коомчулук алдында айтарын" жарыя кылышты. Бул биринчи этабы болмокчу.

Ал эми экинчи этапта Путинди талапкер катары каттоо боюнча юридикалык процедуралар башталмакчы. Орусиянын тийиштүү мыйзамына ылайык, 2017-жылдын 7-декабрынан 17-декабрына чейин президенттик шайлоо күнү дайындалууга тийиш. Шайлоо 2018-жылдын март айында өтөт.

2017-жылдын 15-июнунда Орусиянын президенти Владимир Путин түз эфирде Орусиянын жашоочуларынын суроолоруна жооп берген. Ага "президенттиктен кетерде ордуӊузга кимди коюп кетесиз?" деген суроо берилип, Путин: "Кимдин президент болушун Орусиянын жарандары чечет. Аймакты, районду, шаарды, облусту же өлкөнү ким башкара турганын тандоо шайлоочунун гана колунда экенин унутпашыбыз керек", - деген жооп узаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: