super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте Англиядан келген машыктыруучулар жаш футболчуларга машыгууларды өткөрүп жатат (фото)

 
Англиялык футболчу жана машыктыруучу Мики Адамс.
Англиялык футболчу жана машыктыруучу Алан Роджерс кыргыз жаш футболчуларына тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Англия Премьер Лигасынын мурдагы оюнчулары Мики Адамс жана Алан Роджерс 13 жашка чейинки футбол боюнча Кыргыз курама командасынын оюнчуларын машыктырды.

Футбол федерациясынын айтымы боюнча аталган иш-чара Кыргыз өлкөсү менен Улуу Британиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди бекемдөөгө жана Англия Премьер Лигасынын 25 жылдыгына карата уюштурулган. "Белгилүү датага байланыштуу футбол федерациясы АПЛден машыктыруучуларды чакырган. Иш-чаранын негизги максаты - бул машыктыруучулар ортосундагы тажрыйба менен бөлүшүү болуп эсептелет", - деп билдирет федерациядан.

"Футболчулар жаштар арасындагы өлкө чемпиондугунун негизинде тандалган. Машыгууга катышып жаткан жаш спортчулар өлкөнүн ар кайсы аймактарынан тандалган. Көбүнчө футболчулар Нарын, Ош жана Талас облустарынан келген", - деп билдирди футбол федерациясынан.

Маалымат үчүн: Мики Адамс - англиялык футболчу жана машыктыруучу. Коргоо бөлүгүндө ойноп, 19 жылдык карьерасында 438 оюнга катышкан. Машыктыруучу катары "Фулхем" командасында баштаган. Ал белгилүү "Сток Сити", "Саутгемптон", "Фулхэм" жана "Суонси Сити" командаларында ойноп, "Лестер", "Фулхэм" жана "Брентфорд" командаларын машыктырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
12.09.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1 кундук машыгуу жетпейт,контракт тузуш кк ушундай жаш оюнчуларды колдош кк ее туугандар!
13.09.2017. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Футбол? жакшысы кок боруго ойноп машыга бергиле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: