super.kg logo
  Спорт  

Эл аралык "Ысык-Көл спорт оюндары": Дартс жана стритбол боюнча жыйынтыктар чыгарылды

 

Ысык-Көлдө 6-12-сентябрь аралыгында өткөн XVII эл аралык "Ысык-Көл спорт оюндары" мелдешинин алкагында дартс жана стритбол боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, дартс боюнча беттеш Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага Орусия жана Кыргыз өлкөсүнөн 31 спортчу катышкан. Мелдеш эркектер жана кыз-келиндер арасында өткөн.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталган:

Өздүк эсепте:

Кыз-келиндер арасында:

1-орун: Оксана Андрончик (Орусия)

2-орун: Эльвира Мирбек кызы (Бишкек)

3-орун: Алина Муканова (Бишкек)

Эркектер арасында:

1-орун: Александр Михайлов (Орусия)

2-орун: Бекболсун Токтосун уулу (Бишкек)

3-орун: Нурсултан Надырбек уулу (Бишкек)

Жалпы командалык эсепте:

1-орун: “Атомспорт” командасы (Орусия)
2-орун: "Биринчи Май району" командасы (Бишкек)

3-орун: "Ленин району" командасы (Бишкек).

Ал эми стритбол боюнча мелдештерге Орусия, Кытай жана Кыргыз өлкөсүнөн 18 курама команда катышкан. Мелдеш эркектер жана кыз-келиндер арасында өткөн.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталган:

Эркектер арасында:

1-орун: Кытай курама командасы

2-орун: СДЮШОР СИ-1 (Бишкек)

3-орун: “Барстар” командасы (Бишкек)

Кыз-келиндер арасында:

1-орун: "Атомспорт” курама командасы (Орусия)

2-орун: "СДЮШОР СИ-1" (Бишкек)

3-орун: “СВ-17” командасы (Бишкек).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: