super.kg logo

Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча соттук отурум 14-сентябрга жылдырылды

 

Бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча сот отуруму уланды. Алгач күбө катары Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгон Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Болот Шер жана 2010-жылдын 13-майында Текебаев менен жолугушкан айылдашы көрсөтмө берди. Күбө катары Эсептөө палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова да чакырылган. Бирок ал келе алган жок. Күндүн экинчи жарымынан тартып соттук коллегия иштин материалдарын иликтөөгө киришип, бирок жумуш убактысы бүтүп калгандыгына байланыштуу ишти 14-сентябрда улантуу чечимине келди.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
12.09.2017. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнадынар го экоону. Камагыла же бошоткула да. Не рыба не мясо болбой
12.09.2017. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урааа Сериал башталыптыр 2 болуму
12.09.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз калды, шайлоо буткончо созушатго же чыгарбай же камабай.
13.09.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаевден ото коркот экен да АША
13.09.2017. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз калды бир айдан кийин баары акталат.Билбейм анан оногулар кайра эле железный тронду ээлеп алышпаса.Бул атайын элге оздорун корсотуп жаткан ойундары.Мен алар ак булар ак дебейм бирок булар баары бир кайыкта сузуп ака ука болуп келишип акырында бирине бири душман болуп калышты.Алардын да убагы келет булар кандай болсо аларда ушул кунду корушот.Соту да болот себеби баары элди алдап оздорун гана ойлоп келишкендигинин жыйынтыгы ушул.Элди алдасанарда жаратканды алдай албайсынар.
13.09.2017. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу соттор,силер тажабадынарбы соттой берип кайра кайра.Силер таразадай так,и адилеттуу болушунар керек эле.Бирок силерден бунун биринда корбой жатам.Карышкырдын теерисин жамынып алып мыйзамсыз жолдорго баратасынар бирок бунунда чеги бар коробуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: