super.kg logo

Аксыдагы АН-2 учагы кулаган жер. Алгачкы божомол айтылды.

 
Кырсыкка учураган АН-2 учагы
Кырсыкка учураган АН-2 учагы
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Кушбак Тезекбаев, Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Малик Нурдинов жана башка тийиштүү органдын өкүлдөрү окуя болгон жерде
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Кушбак Тезекбаев, Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Малик Нурдинов жана башка тийиштүү органдын өкүлдөрү окуя болгон жерде

“Аксы районунун Жыл-Кол айыл аймагына кулап түшкөн АН-2 учагы жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларына илинип калып, кырсыкка туш болушу мүмкүн” деген божомол айтылып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуров маалымдады. Анын айтуусу боюнча, учуп келе жаткан учак алдындагы электр чубалгыдан жакындаганда бурулуп өтмөкчү болуп, бирок канаттары зымга тийип, учак абадан эле жарылгандыгы болжолдонууда. Андагы каза болгон капитандын денесинин жарым бөлүгү күйүп, жанындагы 2 адамдын денеси толугу менен күйүп кетти. Кырсыкка тиешелүү материалдар чогултулуп, соттук-экспертиза дайындалганы кабарланды. Айта кетсек, кырсык 24-май күнү саат 10:00 чамасында болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.05.2013. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда эскилиги жетип бүткөн учактар калган. Электр зымына тийбесе деле жарыла турган абалда баарысы.
24.05.2013. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул качан болгон?
25.05.2013. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dikeii, Саламатсызбы!
Учак 24-майда, эртең менен саат 10дордо кулаган. Бул тууралуу төмөнкү шилтемеде:
http://www.super.kg/kabar/?action=kabar_show&janylyk_id=20155
26.05.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Божомол айтылып жатат дебей ошол жерди караса даана ачык билинет го,Марс планетада болгонсуп божомолдор айтылып жатат дешет
27.05.2013. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4almalyk, азырынча учак эмне себептен кулаганы белгисиз. Бирок Жалал-Абад ОИИБиси ушул божомолду айтышкан. Экспертиза бүткөн соң такталып жазылат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: