super.kg logo

ИИМ: "Окуучулар "коридор" деп аталган оюнду ойноп, бирин-бири аёосуз тепкилеп жаткан видео мындан 5 жыл мурун тартылган"

 

Окуучулар "дедовщинанын" "коридор" ыкмасын колдонуп ойноп жаткан видео мындан 5 жыл мурун тартылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жакын арада эле интернетке өспүрүм балдар эки сап болуп тизилип алышып ортодон өткөн баланы туш келди тепкилеп, уруп-согуп жатышкан видеосу тарап, талкууга алынган. Анда бул окуучулардын арасындагы "дедовщина", оюндун аталышы "коридор" деп аталат деген пикирлер калтырылган. ИИМ бул тууралуу иликтөө жүргүзөрү тууралуу маалымат таратканы белгилүү.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлиги тарабынан 2017-жылы мындай окуя катталган эмес. Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган видео мындан 5 жыл мурун Бишкек шаарынын Ленин районунда тартылганы такталган.
Белгилей кетсек, буга чейин интернет айдыңында окуучу балдардын бири-бирин ур-токмокко алуунун, үстөмдүк кылуунун ар кандай ыкмалары бар экени жарыяланып келген. Алардын арасынан "Космостон салам" деген да ыкма колдонулуп, жабыр тарткан окуучулар болгон.
Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында Чүй облусунда дал ушундай окуучулар арасындагы жосунсуз "оюн" катталып, 6-класстын окуучусу жабыр тарткан. Окуяда кыз классташтары тарабынан сабалган. Буга "Космостон салам" оюну себеп болгон. Оюндун эрежесине ылайык, сабалган окуучу токмоктолгону тууралуу эч кимге айтпашы жана ыйлабашы керек. Ошондо гана жеңүүчү аталат. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп, тийиштүү комиссия иш алып барган.





Окуучулар "дедовщинанын" "коридор" ыкмасын колдонушууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.09.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Живой коридор
13.09.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин маалда коридор жок эле)) башка ыкмалары бар болчу
13.09.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укпаган экем андай оюнду
Медиа-портал
16.09.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олуп калса же майып болуп калса ким жооп берет мугалимдер акча сурашпай карабайбы ушуларды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: